Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн сайт ачылды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКомпьютерде иштеп жаткан адамдар. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Бул сайт аркылуу мигранттар же чет өлкөдө иштөөнү каалаган кыргызстандыктар коопсуздук жана бош жумуш орундары боюнча маалымат алат.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанда эмгек мигранттары үчүн www.migrant.kg сайты ишки киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Сайттан төмөнкү кызматтарды пайдаланууга болот:
Россиянын Федералдык миграциялык кызматынын "кара тизмесинен" өзүңүздүн бар же жок экениңизди текшере аласыз;
Москвада мигранттар вакцина алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж
ТИМдин 1899 байланыш телефону аркылуу иштеген операторлору менен байланышып, коопсуз миграция тууралуу консультация алса болот. Ошол эле учурда адам сатуу сыяктуу кооптуу кырдаалга туш болгондор жардам ала алат. Операторлор WhatsApp, Telegram жана башка мессенджерлер же телефон аркылуу жооп беришет;
коопсуз миграция, анын ичинде иш менен камсыздоо агенттиктеринин маалыматтарын алуу мүмкүнчүлүгү бар;
чет жерде каза болуп калган кыргызстандыктардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн бир жолку төлөм боюнча суроолорго жооп алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0