Россия: чет элдиктерге убактылуу жашоого берилчү документти алып салуу сунушталды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЧет элдик жарандар жашап турууга уруксат сурап кайрылып жатышат. Архив
Чет элдик жарандар жашап турууга уруксат сурап кайрылып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2021
Жазылуу
ИИМ чет элдик жумушчулардын реестри жана жумуш берүүчүлөрдүн реестринин жардамы менен эмгек миграциясын көзөмөлдөө керектигин да айткан.
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги чет элдиктерге өлкөнүн аймагында убактылуу жашоого уруксат кылган документти такыр эле алып салууну сунуштады.
Аталган мыйзам долбоору нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорунун федералдык порталына жарыяланган.
Мекеме убактылуу жашоого уруксат алуунун (РВП) ордуна миграциялык үч тартипти сунуштаган. Алар: кыска мөөнөт (бир жылдын ичинде 90 күндөн ашпаш керек), узак убакыт (туруктуу жашоо уруксат албай бир жылдын ичинде 90 күндөн ашык туруу), туруктуу (мөөнөтү чектелбейт).
"Уруксаты бар чет элдиктерге өлкөгө эмнеге келген максатын Россиядан чыкпай эле өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп берилет", — деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Москвада мигранттар вакцина алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2021
Москвада мигранттар вакцина алууда. Эмдөөнүн жүрүшүнөн репортаж
ИИМ чет элдик жумушчулардын реестри жана жумуш берүүчүлөрдүн реестринин жардамы менен эмгек миграциясын көзөмөлдөөнү да сунуштаган.
Өткөн жылдын март айында президент Владимир Путин миграциялык мыйзамга реформа жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берген. Бул боюнча өкмөт, ИИМ, ТИМ, ФСБ, Юстиция министрлиги президенттин администрациясы менен бирге план түзүшү керек. Реформа миграциялык эрежелер түшүнүксүз болгондуктан жасалып жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0