Москва: мигранттар мушташы "өзгөчө кырдаал" деп бааланып, рейд жүрүүдө

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМоскванын полиция кызматкерлери рейд учурунда. Архив
Москванын полиция кызматкерлери рейд учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Учурда Россиянын баш калаасында тартип коргоо органдары мигранттардын документтерин текшерип, ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирип, ким экендигин тактап жатат.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россиянын тартип коргоо органдары Москвада рейд жүргүзүп жатат. Бул туурасында Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.
Анын алдында Москва шаарынын мэриясынын Регионалдык коопсуздук башкармалыгынын аймактык департаменти ведомстволор аралык жыйын өткөргөн. Ага Федералдык коопсуздук кызматынын, тергөө комитетинин, прокуратуранын жана полициянын өкүлдөрү катышкан. Алар баш калаанын түштүк-чыгышындагы массалык мушташтын келип чыккан жагдайларын жана себептерин талкуулап, "өзгөчө кырдаал" деп баалашкан.
РФ мусулмандарынын диний бирикмесинин башчысы Альбир Крганов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Көйгөй бар экенин билебиз. РФ муфтийи Москвада мушташкандарга кайрылды
Кеп Россиянын борборундагы борбор азиялыктардын эки жаатка бөлүнгөн урушу тууралуу болууда. Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан.
Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, андан сырткары 15 күнгө камаган.
"Учурда Москва шаарынын укук коргоо органдары мигранттардын документтерин текшерүү боюнча рейддерди уюштуруп жатат. ИИМдин аймактык бөлүмдөрүнө жеткирип, ким экендигин тактап, ошондой эле алардын катышуусундагы чыр-чатактуу кырдаалдардын болушун алдын алуу боюнча профилактикалык, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Алдын алуу иштеринин маалында аймактык полиция бөлүмдөрүнө 900дөн ашуун адам жеткирилген", — деп билдиришти министрликтен.
КРдин Ички иштер министрлигинин РФтеги өкүлчүлүгү ар бир кайрылуусунда мекендештерди Россиянын аймагында улуттук маселелерге тиешелүү жалган билдирүүлөрдү таратпоого чакырып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0