Пакистандыктар. Архивдик сүрөт

ТИМ пакистандыктардын көбөйүп кеткен себебин түшүндүрдү

204
(жаңыланган 17:12 23.08.2021)
Маалыматка караганда, пакистандыктардын Кыргызстанда көбөйүп кетишине башка өлкөлөр менен аба каттамдарынын жоктугу себеп болгон.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Быйылкы жылдын июль айынын ортосунан тарта Кыргызстанга кирүү үчүн виза алууга арыз жазган Пакистан жарандарынын саны өсүп, 7,5 миң адамга виза берилген. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги акыркы учурда өлкөдө Пакистан жарандарынын саны кескин көбөйүп кеткени боюнча түшүндүрмө берди.

"Пакистан жарандары Кыргызстанга келген максатын туризм деп айткандыктан улам 30 күнгө бир жолку виза берилет", — деп билдирген ТИМ.

Тышкы мамилелер боюнча ведомстводон "Электрондук виза" порталына келип түшкөн арыздар КРдин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен да өтөрү айтылган.

"Электрондук виза" порталына келип түшкөн арыздар улуттук коопсуздук боюнча органдын макулдугунан өтөт. Анда Кыргызстанга бейчеки адамдардын кирип кетишине жол бербөө каралат. Маалымат иретинде билдирсек, 2021-жылдын июль-август айларында "Электрондук виза" аркылуу Пакистандын 7,5 миң жаранына виза толтурулган", — деп айтылат маалыматта.

Пакистандын жарандары үчүн визалык тартипти жөнөкөйлөтүү боюнча маалымат берген ТИМ ал нерсе БАЭде, Кувейтте, Катарда, Бруней-Даруссаламда, Оман Султанатында, Бахрейнде же Сауд Аравиясында туруктуу жашоого уруксаты барларга (резидент-картанын ээлерине) карала тургандыгын айтты. Анын алкагында Пакистан жарандарына бүгүнкү күндө 220 виза берилген.

Кыргызстанда Пакистан жарандарынын көбөйүп кеткендиги боюнча социалдык тармактагы маалыматтарга түшүндүрмө берүү үчүн бүгүн ТИМге Пакистандын Кыргызстандагы элчисинин орун басары — консул Тарик Али (Tariq Ali) чакырылган.

"Жолугушууда дипломат Тарик Али Кыргызстанда жүргөн пакистандык жарандардын көп бөлүгү иштеш үчүн андан ары Бириккен Араб Эмирлигине жана Сауд Падышалыгына учуп кетерин айтты. Азыркы кырдаал Пакистан менен жогорудагы эки өлкөнү байланыштырган түз каттам болбогондуктан жаралган. Мындай аба багыт КРден сырткары Өзбекстан аркылуу да бар", — деп кабарлашты ТИМден.

Консул чет өлкөгө чыгып жаткан пакистандыктардын Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана Спутник-V вакциналарын аларын айткан. Эгерде алар Pfizer сайдырса, Кыргызстанда 3-4 күн туруп аталган эки өлкөгө өтүп кетери, ал эми Sinopharm, AstraZeneca жана Спутник-V алса, өлкө аймагында 10-14 күн каларын маалымдаган.

Элчинин орун басары Пакистанда коронавирус инфекциясынын азайып бара жатышы менен Бириккен Араб Эмирлиги аталган өлкөнүн жарандары үчүн чек араны ачып, эмираттык узак мөөнөттүү визаларды бере баштаганын кабарлады. Анын айтымында, жакынкы арада Сауд Аравиясынын падышалыгы да чек араны ачууну пландап жатат. Дипломат эгерде бул иштер эртерээк жасалса, Кыргызстанда жүргөн пакистандыктардын саны азаярын түшүндүргөн.

Эске салсак, Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү билим алуу үчүн келгендер, тагыраагы, студенттер.

204
Белгилер:
Кыргызстан, Пакистан, жаран, виза, социалдык тармак
Тема боюнча
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси алмашты
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

54
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов өлкөдө көмүскө экономиканы жоюунун таасирдүү жолдорунун бири мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу деген пикирин билдирди.

Кыргызстанда белгиленген жумуш саатынан көп иштетип же бейрасмий ишке алып көмүскө экономикага ык койгон ишканалар арбын. Аларды мыйзам талаасына кайтаруу үчүн мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу зарыл. Мындай ою менен Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

Анын айтымында, көбүнесе тейлөө кызматында иштеген жумушчулардын укуктары бузулууда.

"Россияда мамлекеттик эмгек инспекторлору каалаган мекемени кайсы учур болбосун, зарылчылык жаралса текшерүүгө укугу бар жана мыйзам бузуу аныкталган учурда жеринен чечим чыгарып, мекеменин ишин убактылуу токтотуп коё алат. Мындай нормалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да бар болчу. Бирок кийинчерээк ар кандай мыйзамдык актылардын негизинде токтотуп койгонбуз. Азыркы учурда тиешелүү мекеме бир ишкананы текшериши керек болсо 10 күн мурда бул тууралуу ошол ишканага билдириши керек. Эгер ал компаниянын жетекчиси белгиленген күнү жумуш ордунда жок болуп калса же башка себептер менен текшере албай калса, мамлекеттик эмгек инспекциясы бир жылдан кийин гана келгенге укуктуу. Бул өз кезегинде көмүскө экономикага жол ачууда. Биз дагы Россиядагыдай кылып аталган инспекторлордун макамын жогорулатышыбыз керек. Ошондо көмүскө экономикадан чыгуу, жумушчулардын укугун коргоо багыттарында сезилерлик кадамдар жасалат", — деди Карачалов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жарандар 14 жашынан баштап жумасына 20 сааттан ашпаган кызматтарда иштесе болорун кошумчалады.

54
Белгилер:
Элдияр Карачалов, укук, мыйзам
Тема боюнча
Жылкыбаев: 30 пайыздык квота партиялык системага гана тиешелүү
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив

Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт

29
Россиялык адис өзү иштеген мектепте Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген жарандардын балдары билим аларын айтты.

БИШКЕК, 16-сен. – Sputnik. Россияга мигранттардын орус тилин таптакыр түшүнбөй келген мектеп жашындагы балдары тилди 2-3 жылдын ичинде өздөштүрүп алат. Бул тууралуу Москвадагы №1186 Муса Жалил атындагы мектептин методисти Борис Литинский РИА Новости агенттигине берген маегинде билдирген.

Ал өзү иштеген мектепте Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келген жарандардын балдары билим аларын айткан.

"Россиядагы бала бакчада тарбияланган балдар мектепке келгенде тил жагынан көйгөй болбойт. Даярдыгы жок келсе, кенже класстын окуучуларына орус тили боюнча кошумча сабактар өтүлөт. Тилди жогорку класстын балдары баарынан тез өздөштүрүшөт. Анткени алар алдыда мамлекеттик экзамендер, ЖОЖ турганын жакшы түшүнөт", — деди Литинский.

Ошондой эле адис балдар орус тилин 2-3 жылдын ичинде өздөштүрүп, кээ бирлери коомдук жайларда тилди жакшы билбеген ата-энелерине котормочу дагы болуп каларын айтты.

Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, РФтин мектептеринде мигранттардын 140 миң баласы окуйт.

29
Белгилер:
Россия, мигранттар, бала, мектеп, тил, адаптация
Тема боюнча
Россияда мигранттарга берилген жеңилдиктин мөөнөтү бүтүп баратканы эскертилди
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жана миллион доза вакцина берүүгө даяр

0
(жаңыланган 23:02 16.09.2021)
Президент Садыр Жапаров Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен Душанбеде жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кытай өкмөтү Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде 650 миллион юань (100 миллион доллардын тегереги) менен коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын 1 миллион дозасын берүүгө даяр. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукканда билдирди.

Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.

  • Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров принял члена Государственного совета, министра иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И. 16 сентября 2021 года
    Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Член Государственного совета, министр иностранных дел Китайской Народной Республики Ван И во время встречи с президентом КР Жапаровым
    Тараптар Душанбеде өтүп жаткан ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин саммити менен ШКУ башчыларынын отурумунун алкагында баарлашкан.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 2
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И президент Садыр Жапаров менен жолукту

Жапаров Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карай турганын жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген.

Президент учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалаган. Анын айтымында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы туруктуу аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча да кеп болуп, Жапаров долбоорду ишке ашыруу Кыргызстан үчүн эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү экенин белгилеген.

"КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион АКШ долларынын тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын айтты. Ошондой эле коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик кеңештин мүчөсү Кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирген. Мындан сырткары, тараптар регионалдык коопсуздук маселелерин талкуулаган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Кытай, Садыр Жапаров, вакцина, каражат
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
3 млн. бет кап, коргоочу костюм. Кыргызстанга Кытайдан гумжардам келди