Элчилик: кыргызстандыктар Москвадагы массалык мушташтарга катышкан эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековСлучаи драки людей в КР
Случаи драки людей в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Жазылуу
Москвада бир күн ичинде эки массалык мушташ болуп, кесепетинде Борбор Азиядан барган ондогон жаранды полиция кармап кеткен.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Алдын ала маалыматтарга караганда, Москвадагы массалык мушташка Кыргызстандын жарандары катышкан эмес. Бул тууралуу Россиядагы элчиликтен билдиришти.

Буга чейин Москва шаарынын борборунда массалык мушташ уюштургандыгы үчүн дээрлик 50 киши кармалганы айтылган. Кийин мушташтын чоо-жайын аныктоо иш-чараларынын алкагында Кыргызстандын 19 жараны полиция бөлүмүнө жеткирилип, административдик жоопкерчиликке тартылганы белгилүү болгон

"Алдын ала маалыматтарга караганда, кыргызстандыктар массалык мушташка катышкан эмес. Анткен менен окуянын чоо-жайын билүү үчүн полиция участогуна жеткирилген 50дөй адамдын ичинен 19у Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Алар административдик жоопкерчиликке тартылды", — деп айтылган билдирүүдө.

Элчиликтен кошумчалашкандай, ошол эле күнү Адмирал Корнилов көчөсүндөгү хостелде болгон массалык мушташка дагы кыргыз жарандары катышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0