Документке кезекте турган мигранттар. Архив

КР мигранттары Москвада жардам сурап кайда кайрыла алат? Дарек, телефондору

122
Жыл сайын миңдеген кыргызстандык Москвага иш издеп жөнөйт. Көп миллиондуу ири калаада өз алдынча чече албаган оор жагдайларга да тушугуп калат.

Sputnik Кыргызстан юридикалык жана башка жардам сурап кайрыла турган Москвадагы мамлекеттик мекеме жана борборлорду тизмектеп чыкты.

Мамлекеттик эмгек инспекциясы

Мигранттар бул мекемеге эмгек укуктары бузулган учурда кайрыла алышат.

  • Домодедовская көч., 24-имарат, 3-корпус.
  • Ыкчам байланыш телефондору: (495) 343-96-61, (916) 085-81-03.
  • Кырсыкка кабылган учурда билдирүүлөрдү кабыл алуу:
  • факс — (495) 343-95-02;
  • Skype боюнча кеңеш берүү — git077;
  • git77.rostrud.ru, онлайн-инспекция.рф;
  • Электрондук почта — gitmoscow@mail.ru.

Москва тургундарын эмгек жана жумушка орноштуруу департаменти

Жумуш берүүчүлөр тарабынан эмгек укуктары бузулган учурда, анын ичинде маяна берилбей жана эмгек келишимдери түзүлбөгөн убакта мигранттарга жардам берилет.

  • Новая Басманная көч., 10, 1-имарат.
  • Бирдиктүү телефон — (495) 625-04-65.
  • Электрондук почта — dszn@dszn.ru.

Мигранттарды укуктук коргоо жана социалдык-маданий жактан ыңгайлашуусуна көмөктөшүү борбору

  • Ишеним телефону — (800) 550-32-03.

Эмгек мигранттарынын профсоюзу

Жумуш ээлери тарабынан эмгек укуктарынын сакталышы боюнча мигранттарга жардамдашуу

  • Большой Черкасский тар көчөсү, 2/10, № 1 подъезд, 511-кеңсе.
  • Телефондору: (495) 623-67-91, (495) 772‐31-69.

Милиция тарабынан мыйзамсыз аракеттерге жол берилген учурларда жардамдашуу

Москва өкмөтү жана мэрдин аппараты

  • Телефон — (495) 777‐11-47.

Москва ШИИБ Өздүк коопсуздук башкармалыгы

  • Телефон — (495) 255‐96‐57.

Москва облусунун ШИИБ Өздүк коопсуздук башкармалыгы

  • Телефон — (499) 317‐24‐66.

РФ ИИМ Өздүк коопсуздук башкармалыгы:

  • Телефон — (495) 239‐07‐30.

"Жарандык жардам көрсөтүү" комитети

Качкын жана эмгек мигранттарына акысыз юридикалык, медициналык, психологиялык жана гуманитардык жардам.

  • Олимпиада проспекти, 22 ("Достоевская", "Проспект Мира", "Марьина роща", "Рижская" метро станциялары).
  • Телефондору: (495) 681-18-23, (495) 681-15-32, (495) 681-09-54, (495) 681-05-27.
  • Жек көрүүчүлүк менен кол салууга кабылган учурларда — (903) 577-55-87.

"Миграция жана мыйзам" интеграциялык борбору

Турмуштук оор жагдайга кабылган мигранттарга акысыз консультациялык жардам.

  • Олимпиадалык комплекс, 9А-подъезд, 7-кабат, 3/2 А кеңсе ("Проспект Мира" метро станциясы).
  • Администрациялык бөлүм — (495) 631-62-93.
  • Юридикалык бөлүм (телефон жана факс) — (495) 631-34-10.

"Гражданское достоинство"

Мигранттарга жана бирикмелерге көмөктөшүүчү эл аралык коомдук кыймыл. Жарандарга акысыз кеп-кеңештер.

  • Большая Бронная көч., 23, 1-имарат, 217-кеңсе.
  • Телефон — (495) 741-40-44.

Аялдар жана балдарга жардам кризистик борбору

  • Дубка көч., 9а.
  • Телефон — (499) 977-17-05.
  • krizis-centr.ru.

"Рядом дом" кайрымдуулук фонду

Эмгек мигранттары жана башка чет өлкөлүктөрдүн үй-бүлөлөрүнө акысыз жардам.

  • Болотниковская көч., 31/1 ("Нахимовский проспект", "Каховская" метро станциялары).
  • Телефон — (962) 939-08-02.
  • rydomdom.ru

Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги

  • Большая Ордынка көч., 64.

Телефондору:

  • Элчи менен ыкчам байланыш — (925) 285-50-47.
  • Консул менен ыкчам байланыш — (925) 115-50-47, (499) 237-48-82.
  • Ишеним телефону — (499) 237-65-65.
  • kgembassy.ru@mfa.gov.kg.

Мигранттарга күнү-түнү укуктук жардам көрсөтүү:

  • (926) 834-76-02, (903) 148-96-36 (орус тилинде);
  • (903) 166-67-80 (кыргыз тилинде).

Мигранттардын аярлуу топторуна жардам:

  • РФтин миграциялык жана эмгек мыйзамдары маселелери боюнча сурап-билүү жана кеңири юридикалык консультациялар.
  • Ыкчам байланыш телефондору — (800) 333-00-16.
122
Белгилер:
мигранттар, Кыргызстан, Россия, жардам, борбор, мекеме
Тема боюнча
Россияда банктык эсеп ачкан мигранттын биометрикасы кошо алынышы мүмкүн
Россияда мигранттардын экзамен берүү шарттары өзгөрдү
АКШ долларлары. Архив

Мигранттар Кыргызстанга 1,5 млрд. долларга чукул акча которду. 7 айдын жыйынтыгы

61
(жаңыланган 10:00 17.09.2021)
Өлкөгө январь-июль айларында жарандардын акча которуулары боюнча эң жакшы көрсөткүч 2018-жылы катталган. Анда атайын система аркылуу бир жарым миллиард доллардан ашык каражат түшкөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанга ушул жылдын январь-июль айларында 1 миллиард 494,7 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөгө 1 миллиард 226,9 миллион доллар түшкөн.

Быйылкы жылдын башындагы маалыматтар (кашаанын ичинде 2020-жылдыкы менен салыштырылат):

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллион);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллион);
  • апрель — 216,2 миллион (139,9 миллион);
  • май — 227,2 миллион (61,9 миллион);
  • июнь — 266,9 миллион (11 миллионго аз);
  • июль — 241,5 миллион (8,2 миллионго аз).

Бет кап тигүүчү цех. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Өткөн жылдын башында өнөктөш мамлекеттер пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү киргизгендиктен Кыргызстанга түшкөн акчанын көлөмү азайган. Ал эми июнь жана июль айларынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу кыскарган.

Эгерде биз жети айдын көрсөткүчтөрүн жылдар менен салыштыра турган болсок, анда учурдагы маалыматтар көлөмү боюнча экинчи катарда турат. Биринчи рекорд 2018-жылдын январь-июлунда катталып, каражат 1 миллиард 508 миллион долларга жеткен.

61
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, Мигрант, каражат
Тема боюнча
Артка кеткен тармактар. Кыргызстанда ИДПнын көлөмү дагы төмөндөдү
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

98
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов өлкөдө көмүскө экономиканы жоюунун таасирдүү жолдорунун бири мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу деген пикирин билдирди.

Кыргызстанда белгиленген жумуш саатынан көп иштетип же бейрасмий ишке алып көмүскө экономикага ык койгон ишканалар арбын. Аларды мыйзам талаасына кайтаруу үчүн мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу зарыл. Мындай ою менен Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

Анын айтымында, көбүнесе тейлөө кызматында иштеген жумушчулардын укуктары бузулууда.

"Россияда мамлекеттик эмгек инспекторлору каалаган мекемени кайсы учур болбосун, зарылчылык жаралса текшерүүгө укугу бар жана мыйзам бузуу аныкталган учурда жеринен чечим чыгарып, мекеменин ишин убактылуу токтотуп коё алат. Мындай нормалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да бар болчу. Бирок кийинчерээк ар кандай мыйзамдык актылардын негизинде токтотуп койгонбуз. Азыркы учурда тиешелүү мекеме бир ишкананы текшериши керек болсо 10 күн мурда бул тууралуу ошол ишканага билдириши керек. Эгер ал компаниянын жетекчиси белгиленген күнү жумуш ордунда жок болуп калса же башка себептер менен текшере албай калса, мамлекеттик эмгек инспекциясы бир жылдан кийин гана келгенге укуктуу. Бул өз кезегинде көмүскө экономикага жол ачууда. Биз дагы Россиядагыдай кылып аталган инспекторлордун макамын жогорулатышыбыз керек. Ошондо көмүскө экономикадан чыгуу, жумушчулардын укугун коргоо багыттарында сезилерлик кадамдар жасалат", — деди Карачалов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жарандар 14 жашынан баштап жумасына 20 сааттан ашпаган кызматтарда иштесе болорун кошумчалады.

98
Белгилер:
Элдияр Карачалов, укук, мыйзам
Тема боюнча
Жылкыбаев: 30 пайыздык квота партиялык системага гана тиешелүү
Студенты выпрыгивают из окон Пермского государственного национального исследовательского университета, в котором неизвестный открыл стрельбу.

Пермдеги элди аткан студент полиция кызматкерине да ок чыгарган. Чоо-жайы

0
Тартип сакчысы куралчан студентти жарадар кылгандан кийин чуркап келип, куралын колунан алып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде элди аткан студент кирип келе жаткан полиция кызматкерине да ок чыгарган. Бирок тартип сакчы аны жарадар кылып, куралсыздандырып, андан соң биринчи жардам көрсөткөн. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Окуя болгон жерге биринчилерден болуп Пермь шаарынын Жол кыймылы коопсуздугу боюнча мамлекеттик автоинспекциянын Жол кайгуул кызматы келген. Полициянын лейтенанты Константин Калинин имараттын башкы корпусуна кирип, ал эми кесиптеши ага лейтенант Владимир Макаров элди эвакуациялай баштаган. Калинин имараттын ичинен куралдуу адамды көргөн. Аны байкап калган кылмышкер лейтенантты көздөй бир нече ирет аткылаган. Ага жооп кылган тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып, чуркап келип, куралын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн", — деп айткан ИИМдин өкүлү Ирина Волк.

Ал тартип сакчылар учурда жогорку окуу жайдын аймагын көзөмөлдөп тургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, https://sputnik.kg/Russia/20210920/1053962363/universitetinde-ehrkek-kishinin-ogunan-adamdar-kaza-bolgon.html сегиз киши каза таап, 28и жаракат алган. Шектүү кармалган.

Теги: Россия Пермь мамлекеттик изилдөө университети ок чыгаруу өлүм полиция

Инжект: https://sputnik.kg/incidents/20210511/1052460111/kazanda-mektep-okuuschusu-ok-chygardy.html

0