Курулуш тармагында иштеген жумушчудар. Архивдик сүрөт

Мигранттар керек! Москва шаарына 200 миңдей куруучу жетишпей жатат

651
(жаңыланган 11:23 13.09.2021)
Москва жетекчилиги жакын арада өлкөгө чет элдиктерди киргизүү боюнча эрежелер жеңилдейт деп үмүт артууда.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ушул тапта Москва шаарынын курулуш тармагында 200 миңдей жумушчу жетишпей турат. Бул тууралуу "Известия" басылмасына маек берип жатып калаанын вице-мэри Владимир Ефимов билдирди.

"Биз жакын арада өлкөгө чет элдиктерди киргизүү боюнча эрежелер жеңилдейт деп үмүт артып жатабыз. Жумушчу күчтүн жетишсиздигинен биринчи кезекте курулуш компаниялары жабыр тартууда. Айрым учурда алар бири-биринен жумушчуларды алып, мунун айынан кызматтын акысы жогорулап кетип жатат", — деди мэрдин орун басары.

Ошондой эле ал бир нече жылдан бери бир калыпта кармалып келген турак жайдын баасы пандемия учурунда бир топ кымбаттап кеткенин кошумчалады.

651
Белгилер:
Москва, Мигрант, курулуш
Тема боюнча
Россияда банктык эсеп ачкан мигранттын биометрикасы кошо алынышы мүмкүн
Россия мигранттарды кабыл алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтөт 
АКШ долларлары. Архив

Мигранттар Кыргызстанга 1,5 млрд. долларга чукул акча которду. 7 айдын жыйынтыгы

62
(жаңыланган 10:00 17.09.2021)
Өлкөгө январь-июль айларында жарандардын акча которуулары боюнча эң жакшы көрсөткүч 2018-жылы катталган. Анда атайын система аркылуу бир жарым миллиард доллардан ашык каражат түшкөн.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Кыргызстанга ушул жылдын январь-июль айларында 1 миллиард 494,7 миллион доллар которулганын Улуттук банк билдирди. Кеп жарандардын атайын система аркылуу жиберген каражаты тууралуу болуп жатат.

Өткөн жылдын ушул мезгилинде өлкөгө 1 миллиард 226,9 миллион доллар түшкөн.

Быйылкы жылдын башындагы маалыматтар (кашаанын ичинде 2020-жылдыкы менен салыштырылат):

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллион);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллион);
  • апрель — 216,2 миллион (139,9 миллион);
  • май — 227,2 миллион (61,9 миллион);
  • июнь — 266,9 миллион (11 миллионго аз);
  • июль — 241,5 миллион (8,2 миллионго аз).

Бет кап тигүүчү цех. Архивдик сүрөт
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Өткөн жылдын башында өнөктөш мамлекеттер пандемияга байланыштуу чектөөлөрдү киргизгендиктен Кыргызстанга түшкөн акчанын көлөмү азайган. Ал эми июнь жана июль айларынын көрсөткүчтөрү өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу кыскарган.

Эгерде биз жети айдын көрсөткүчтөрүн жылдар менен салыштыра турган болсок, анда учурдагы маалыматтар көлөмү боюнча экинчи катарда турат. Биринчи рекорд 2018-жылдын январь-июлунда катталып, каражат 1 миллиард 508 миллион долларга жеткен.

62
Белгилер:
Кыргызстан, Улуттук банк, Мигрант, каражат
Тема боюнча
Артка кеткен тармактар. Кыргызстанда ИДПнын көлөмү дагы төмөндөдү
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

98
Кыргызстандын курулуш жана курулуш өнөр жай материалдары профсоюзунун төрагасы Элдияр Карачалов өлкөдө көмүскө экономиканы жоюунун таасирдүү жолдорунун бири мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу деген пикирин билдирди.

Кыргызстанда белгиленген жумуш саатынан көп иштетип же бейрасмий ишке алып көмүскө экономикага ык койгон ишканалар арбын. Аларды мыйзам талаасына кайтаруу үчүн мамлекеттик эмгек инспекторлорунун макамын жогорулатуу зарыл. Мындай ою менен Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып бөлүштү.

Карачалов: Россияда эмгек инспекторлору жеринде чечим кабыл ала алат

Анын айтымында, көбүнесе тейлөө кызматында иштеген жумушчулардын укуктары бузулууда.

"Россияда мамлекеттик эмгек инспекторлору каалаган мекемени кайсы учур болбосун, зарылчылык жаралса текшерүүгө укугу бар жана мыйзам бузуу аныкталган учурда жеринен чечим чыгарып, мекеменин ишин убактылуу токтотуп коё алат. Мындай нормалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында да бар болчу. Бирок кийинчерээк ар кандай мыйзамдык актылардын негизинде токтотуп койгонбуз. Азыркы учурда тиешелүү мекеме бир ишкананы текшериши керек болсо 10 күн мурда бул тууралуу ошол ишканага билдириши керек. Эгер ал компаниянын жетекчиси белгиленген күнү жумуш ордунда жок болуп калса же башка себептер менен текшере албай калса, мамлекеттик эмгек инспекциясы бир жылдан кийин гана келгенге укуктуу. Бул өз кезегинде көмүскө экономикага жол ачууда. Биз дагы Россиядагыдай кылып аталган инспекторлордун макамын жогорулатышыбыз керек. Ошондо көмүскө экономикадан чыгуу, жумушчулардын укугун коргоо багыттарында сезилерлик кадамдар жасалат", — деди Карачалов.

Ал ошондой эле Кыргызстанда жарандар 14 жашынан баштап жумасына 20 сааттан ашпаган кызматтарда иштесе болорун кошумчалады.

98
Белгилер:
Элдияр Карачалов, укук, мыйзам
Тема боюнча
Жылкыбаев: 30 пайыздык квота партиялык системага гана тиешелүү
Элчи Тотуяев этникалык кыргыздар менен жолугушуусу

Элчи Тотуяев Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар менен жолукту. Сүрөт

24
(жаңыланган 17:17 20.09.2021)
Элчи боордоштордун Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында элчи этникалык кыргыздардын Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы маданий жана тарыхый байланыштарды өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгилеген. Ошондой эле ар кандай укуктук, социалдык жана күнүмдүк маселелерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын айткан.

Встреча посла КР в Пакистане Уланбека Тотуяева с представителями этнических кыргызов, проживающими в Пакистане. 20 сентября 2021 года
© Фото / пресс-служба МИД КР
Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Исламабад шаарында аталган өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолукту

Өз кезегинде этникалык кыргыздар Кыргыз-Пакистан мамилесин өнүктүрүүгө жана Пакистанда Кыргызстандын имиджин бекемдөөгө багытталган мындан аркы биргелешкен иштерге кызыкдар экенин билдиришкен.

Тараптар Пакистандагы кыргыздардын жана Ала-Тоого көчүп кетүүнү каалаган кайрылмандардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу максатында жашаган жерлерине элчинин жакын арада баруусун макулдашты.

24
Белгилер:
Пакистан, этникалык кыргыздар, элчи, жолугушуу, Уланбек Тотуяев
Тема боюнча
Өзбекстанда канча этникалык кыргыз жашаары айтылды
Кыргыздардын Памирде жашашы Афганистанга пайда. Кандаштарды эмне үчүн көчүрбөө керек