Москвадагы мигарция борборундагы жаран. Архив

Россияда мигранттарга берилген жеңилдиктин мөөнөтү бүтүп баратканы эскертилди

211
Пандемияга байланыштуу өткөн жылы Россияда чет элдиктерге миграциялык каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген болчу.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги мекендештерге кайрылып, мигранттарга берилген жеңилдиктин мөөнөтү 30-сентябрда аяктай турганын эскертти.

Россиянын президенти Владимир Путиндин жарлыгы менен мигранттардын эпидемиологиялык кырдаалдан улам өлкөдө жүрүү боюнча документтеринин мөөнөтүн узартуу талабы коюлган эмес.

Жарлык күчүндө турган учурда Россиядан чет элдиктер миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн депортацияланбайт. Бул учурда мигранттарга өлкөдө убактылуу жүргөнү үчүн документтерди (анын ичинде визаны) узартып зарылдыгы жок. Келген жерге каттоого туруу жана туруктуу жашап жатканы боюнча да кагаздарды узартуу керектелген эмес.

Аталган жарлык 2020-жылдын апрель айында күчүнө кирип, 2021-жылдын 15-июнуна чейин иштеген. Кийин эпидкырдаалдан улам мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылган.

"Элчилик Кыргызстандын жарандарына 30-сентябрга чейин Россиянын аймагында жүрүүнү мыйзамдаштырууну жана бардык зарыл болгон жол-жоболорду (миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, каттоо) аткарууну дагы бир жолу суранат. Ошондой эле миграциялык каттоого кайрылууда жумуш берүүчү менен расмий эмгек келишимин түзүү керектигин белгилейбиз. Жок болсо, полиция айып чараларын колдонот. Буга чейин эки ирет айыпка жыгылган жана өлкөдөн чыгаруу чечими кабыл алынган адамдар 30-сентябрга чейин өз ыктыяры менен Россиядан кетип калышы керек", — деп кайрылды элчилик.

Уруксаты бар деген статуска ээ чет элдик жарандар жана туруктуу жашоого уруксат кагаз алгандар, 2020-жылдын 15-мартына чейин чыгып кеткендер 2021-жылдын 30-сентябрына чейин келип, аны узартып алуусу керек.

211
Белгилер:
Россия, Мигрант, мигранттар, жеңилдик, мөөнөт, элчилик, эскертүү
Тема боюнча
Россиядагы мигранттар манжа издерин милдеттүү түрдө тапшыра баштайт
Бала көтөрүп турган аял. Архив

Москвада балалуу болгон мигранттарга 20 миң рублден төлөнөт. Түшүндүрмө

702
Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москва шаарынын мэриясы акчалай сыйлык берүү чечимин пандемия алдында, тагыраагы, 2020-жылдын 18-февралында кабыл алган.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Эмгек мигранттарынын Москва шаарынын төрөт үйлөрүндө жарыкка келген ар бир баласы үчүн калаа жетекчилиги 20 миң рублден төлөп берүүдө. Маалыматты Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен тастыкташты.

"Россияда иштеп жүргөн чет элдиктер балалуу болсо шаар бийлиги 20 миң рублден берет. Мигранттар акчалай сыйлык же шаар жетекиси Сергей Собянинден белек алса болот. Белектин ичинде ымыркайга керектүү буюм-тайымдар бар", — дешти элчиликтен.

Россиялык ЖМКлардын маалыматына караганда, Москва шаарынын мэриясы мындай чечимди пандемия алдында, тагыраагы, 2020-жылдын 18-февралында кабыл алган. Документте Москва шаарында туулган ар бир ымыркай үчүн ата-эне белек катары берилчү корзинанын ордуна 20 миң рубль алса болору жазылган.

Москва шаарында төрөлгөн балага шаар жетекчилигинен кантип белек алса болорун мэриянын расмий сайтынан тактап алса болот.

702
Белгилер:
Россия, мигранттар, төрөт, акча, белек, мэрия
Тема боюнча
Мигранттар Кыргызстанга 1,5 млрд. долларга чукул акча которду. 7 айдын жыйынтыгы
Методист: Россияда мигранттардын балдары орус тилин 2-3 жылда өздөштүрөт
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Кулак кагыш! Москвада кыргыз жарандарын паспорттоштуруу иши жүргүзүлөт

1489
Бул үчүн ТИМдин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москвага келет. Алар 10 күндөн ашуун убакыт дем алышсыз саат 09.00дөн 21.00гө чейин иштешет.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Москвада 4-октябрдан 16-октябрга чейин Россиядагы кыргыз жарандарын паспорттоштуруу өнөктүгү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын РФтеги элчилиги кабарлады.

Иш-чара элчиликтин демилгеси жана өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин колдоосу менен ишке ашмакчы. Бул үчүн ТИМдин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москвага барат.

10 күндөн ашуун убакытта Кыргызстандын паспортун алуу жана алмаштыруу маселеси боюнча өлкөнүн жарандарын кабыл алуу дем алышсыз, күн сайын саат 09.00дөн 21.00гө чейин жүргүзүлөт.

Жарандар ага алдын ала жазылуу үчүн msk.pasport.kg@mail.ru электрондук дарегине билдирүү жөнөтүүсү керек:

  • аты-жөнү;
  • туулган жылы, айы, күнү;
  • байланыш телефону;
  • жашаган жери;
  • кайрылуунун себеби (паспортту биринчи жолу каттатуу, жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү, бузулуу, жоготуу жана башка).

Арыз берилгенден кийин 1-3 күндүн ичинде кабыл алынып, анда убактысы жана керектүү документтердин тизмеси көрсөтүлөт.

Ал эми керектүү документтердин тизмесин элчиликтин консулдук бөлүмүнүн расмий баракчасынан kg.consul.ru, социалдык тармактардан же WhatsApp мессенжеринен (+ 7-925-115 -50-47) консулдук бөлүмдүн "өзүн-өзү тейлөө менюсу" аркылуу табууга болот.

1489
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, ТИМ, элчилик, паспорт, документ
Тема боюнча
Россиянын элчиси мекендештери менен тыгыз иштешкен кыргыз бийлигин үлгү кылды
Көмүр түшүрүп жаткан жумушчу. Архив

Быйыл көмүрдүн баасы кандай болот? Кара алтындын наркына сереп

31
(жаңыланган 17:49 27.09.2021)
Синоптиктер аптанын аягында күн сууктай турганын божомолдоодо. Аба ырайы бузулары менен турак үйдө тургандар арасында көмүргө болгон суроо-талап өсөт.

Быйыл азык-түлүктөн тарта күйүүчү майга чейин кымбаттады. Мунун баары көмүрдүн баасына таасир этпейби? Кара алтындын баасы канча болот, кору жетиштүүбү? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, көмүрдүн наркы, запасына сереп салды.

Бишкек шаарындагы көмүр саткан ишкерлердин айтымында, азырынча ордо калаага Кара-Кеченин көмүрү келе элек. Учурда шаарда Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрү эле сатылууда. Алардын бир тоннасы 4 800 сомго бааланып жатканы маалым болду.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл көмүр казуу иштери бир аз кечигип жатканын айтып, себебин түшүндүрдү.

"Каражаттын жетишсиздигинен, жайында тоолуу райондорго эки ай тынбай жамгыр, кар да жаагандыктан көмүр кеч казылып калды. Анын үстүнө буга күйүүчү май, тетиктердин кымбатташы да себеп болду. Ага карабай көмүр казуу иштери уланып жатат. Тилекке каршы, көмүрдүн кесегин аныктай албагандыктан, казылган көмүрлөр бир аз майда болууда", — деди Бекжанов.

Анткен менен быйыл өлкөдө көмүр жетиштүү болору белгиленди. Бекжановдун айтымында, жылдан-жылга көмүр көп казылып, жалпысынан өлкөдө кара алтындын алты миллиард тонна запасы бар.

"Бул жылы үч миллион тоннадан ашык көмүр керектелиши күтүлүүдө. Анын ичинен 1 миллион 150 миң тоннасы элге берилсе, 250 миң тонна бюджеттик мекемелерге жумшалат. Калганы ТЭЦке жумшалат", — деди Бекжанов.

Ал учурда ТЭЦти көмүр менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтып, көмүр элге жана бюджеттик мекемелерге 1-октябрдан тарта бериле баштаарын кошумчалады.

"Быйыл күйүүчү майдын жана техникалык каражаттардын кымбаттаганы көмүрдүн баасына да таасирин тийгизбей койбойт. Карьерден чыккан 1 тонна көмүрдүн баасы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан 1 330 сом деп белгиленди. Статистикалык маалымат боюнча, кара алтындын бир тоннасы Нарында 2 500 сомдон 4000 сомго чейин, Чүй өрөөнүндө 4500-4700 сом, Ысык-Көлдө 5000 сомго чейин чыгат. Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында 7000-8000 сомго сатылары божомолдонууда", — деди ал.

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин билдирмеси боюнча, быйыл жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасынын наркы 3 620 сомдон 6 500 сомго чейин болмокчу. Мунун ичинде Кара-Кече, Сүлүктү, Таш-Көмүр, Кызыл-Кыя көмүрү бар.

Ал эми сырттан келген көмүрдүн (Казакстан) бир тоннасы 5000-7000 сомду түзөт. "Кыргыз көмүр" ишканасы азыркы учурда Кыргызстанга Казакстандан көмүрдүн Кара-Жыра, Шабыркүл деген түрлөрү аз-аздан келип жатканын айтып, бирок Казакстан ички керектөөсүн толук камсыздап алмайынча, канча тонна көмүр келери белгисиз экенин кошумчалады.

Эскерте кетсек, өлкөдө көмүрдүн сатыла турган баасын (карьерден чыкканын гана белгилейт — ред.) бир дагы мамлекеттик орган бекитпейт. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги көмүрдүн баасы чектен ашып сатылып жаткан күндө гана өкмөттүн токтому менен көзөмөлгө алат.

Былтыр Бишкекте Кара-Кече көмүрүнүн баасы 3700дөн 4200 сомго чейин сатылса, Казакстандын Кара-Жыра, Шабыркүл көмүрлөрүнүн баасы 4000 сомдон ашкан.

31
Белгилер:
көмүр, баалар, Кыргызкөмүр мамлекеттик ишканасы
Тема боюнча
Кулжыгачов: Бишкек ЖЭБи күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даяр
Кышка даярдык башталды. Бишкек менен Чүйдө электр чубалгылары оңдолот. Сүрөт