Посетитель в многофункциональном миграционном центре Москвы близ деревни Сахарово, где оказывают услуги для трудовых мигрантов

"Россиядагы кыргыздар": Москвада мигранттар үчүн жаңы портал ачылат

2760
Сайт ачуу демилгесин Кыргызстандын РФтеги элчилиги жана Москва бийлиги да кубаттаган. Узаган айдын соңунда мигранттарга арналган порталдын негиздөөчүлөрү өз долбоорун элдин назарына койду.

Данара Курманова

Кыргызстандык мигранттарга россиялык документтерди алуу, расмий өкүлдөргө алардын реалдуу көйгөйлөрүн жеткирүү үчүн бир ресурс керек. Кыргыз коому жана жердештик топторунун лидерлери "Россиядагы кыргыздар" сайтынын ачылыш аземинде ушул пикирди баса белгилешти. Аталган портал дал кайсы маселелерди чечип, Россиядагы кыргыздардын образын кандай өзгөртө аларына Sputnik кабарчысы кызыгып көргөн.

Кыргыздар диаспора алкагынан ашты

"Россиядагы кыргыздар" долбоорунун автору – Москвадагы кыргыз коомунун активисти Гүлназ Опузбекова. Айтымында, сайтты иштеп чыгуудан да аталышын табуу бир топ кыйнаган.

"12 жылдан бери сайттар менен иштеп келем, ошондуктан бул жагы түшүнүктүү. Аталышы боюнча көпкө ойлондук. Адегенде диаспора сөзүн да кошсокпу дедик, бирок кайра айныдык", — дейт ал.

Опузбекованын бул пикирин РФ президентинин алдындагы Улут аралык алакалар боюнча кеңешинин мүчөсү Маргарита Лянге да колдогон. Ал дагы Россиядагы кыргыздар эми диаспора эмес деп эсептейт. Диаспора – бул элдин өз өлкөсүнөн тыш жашаган бир бөлүгү деп түшүндүрөт Лянге. Ал эми Советтер Союзу ыдырагандан бери 30 жыл өттү. Бул убакыт аралыгында кыргызстандык көп үй-бүлөлөр Россияга жер которуп, жарандык алууга да үлгүрүштү. Ошол менен бирге эле СССР доорунда эле россиялык калааларды байырлаган кыргызстандыктарды эстен чыгарбайлы. Маргарита Лянге буга өз апасын мисал келтирет, ал мурдагы Фрунзеден (азыркы Бишкек – ред. тактоосу) көчүп келген.

"Алардын баары – өлкөнүн жарандары, айрымдары азыр документ топтоп, жакында россиялык жаранга айланат. Баарыбыз чогуу Россияда жашайбыз, анан бул эми кайдан диаспора болсун?" — деп суроо салат Маргарита Лянге.

Жаңы сайттын зарылдыгы эмне?

Порталды иштеп чыгууда Гүлназ Опузбекова сынга да кабылган, жердештик үчүн сайттын кереги эмне дегендер чыккан. Анткен менен кыргызстандыктардын россиялык документтерди толтуруу жөнүндөгү бардык маалыматтар камтылган, түшүнүктүү тилде жазылган бир дагы ресурс жок эле дейт демилгечи.

"Мигранттар, айрыкча жакында эле келген мекендештер менен сүйлөшүп көргүлө. Алар көп учурда СНИЛС же ИНН деген документтерди кантип толтуруу керектигин билишпейт, чындыгында алар жеңил эле иш. Колубуздан келбейт деген ой менен жардам беребиз деген ар кандай алдамчыларга кабылып, болгон акчасын аларга берип отуруп калышат", — дейт Опузбекова.

Жаңы сайт эки: кыргыз жана орус тилдеринде иштемекчи. Документтерди толтуруу тартиби, анын ичинде жарандык алуу жол-жоболору боюнча бардык маалыматтарды табууга болот.

Бул сайт менен дагы бир маселе да чечилет: Россияга келген чет элдиктер бланктарды туура эмес толтуруп алып, мамлекеттик структуралардын каалгасын бир нече ирет каккылоого аргасыз болушат. "Биз кагаздарды толтуруу үлгүлөрүн жарыялайбыз", — дейт Гүлназ Опузбекова.

Сайт түзүү демилгеси РФтеги Кыргызстан элчилигинен да колдоо тапкан. "Биз элчиликтин жаңылыктарын да сайтка чыгарып турабыз, ошондой эле укуктук чоо-жайын чечмелеп беребиз. Маселен, көпчүлүк документ көйгөйүн чечүүдөн жаа бою качышат, анткени "мыйзамсыз" деген сөздөн чочулашат. Негизи Россияда "мыйзамсыз мигрант" деген түшүнүк жок, "документи жоктор" гана болот. Өлкө аймагына мыйзамды бузуп киргендер гана мыйзамсыз деп аталышат. Ал эми булар көп учурда мыйзамдуу түрдө, туугандарыныкына келишет, тек гана каттоого туруп коюу абзел", — дейт Гүлназ Опузбекова.

Москвалыктар менен байланыш артты

"Россиядагы кыргыздар" сайты "Москва – өз ара түшүнүү аймагы" долбоорунун бир бөлүгү болуп калды. Бул өз кезегинде москвалыктар менен мигранттардын диалогун өнүктүрүүгө багытталган.

РФ президентинин алдындагы Улут аралык алакалар боюнча кеңештин комиссиясынын эксперти Раимкул Аттакуров жаштар арасында спорт, көңүл ачуу программалары көпүрө болорун белгилейт. Анын айтымында, мындай долбоорлор улуттук маданий бирикмелердин активисттери менен Москванын коомдук ишмерлеринин таанышып, кызматташуусуна өбөлгө болот. Маселен, кыргыз жердештик топторунун лидерлери конференцияда "Гвардия" жаштар бирикмесинин башчысы Виктор Тугов менен таанышты.

"Москвадагы кыргыздардын 30 чакты күрөш клубдары бар, ар биринде 100-150дөн киши машыгат. Жалпы алганда канча спортчу экенин элестетип көрүңүз. Бирок алар мелдештерди өз ара өткөрүп, москвалыктар катышпайт. Ал эми "Гвардиянын" Москвада эле 127 спорттук уюму иш алып барат. Биз алардын спортчуларын чакырып, кызматташууга даярбыз", — дейт Раимкул Аттакуров.

Ошондой эле ал эгер жаштар бош маалда спорт менен машыкса, терс жоруктарга барууга убактылары калбастыгын кошумчалады.

"Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт"

Гүлназ Опузбекова жаңы сайтта Россиядагы кыргыздардын ийгилиги тууралуу баяндар көп болушун кааласа да, көйгөйлүү темалардан кеп козгобой коюуга болбос. Мындай пикирин "Нарын Тенир-Тоо" жердештик тобунун жетекчиси Азамат Адылгазиев билдирди. Ошону менен бирге эле ал аталган конференцияда РФтин Улуттар маселелери боюнча федералдык агенттигине кайрылды.

"Эки административдик айып салынган чет өлкөлүк жаран азыр Россияга кайра кире албайт. Эгер кылмыш иши болсо бир жөн. Бирок метрого кирерде бет кабыңды үйдө унуткан болсоңчу? Ушундай техникалык эреже бузууларга айып төлөнсүн. Эгер өз маалында төлөшпөсө, анда чыгарышсын", — деген сунушун айтты Адылгазиев.

Сайт эксперттерди издөөдө россиялык журналисттерге да көмөкчү боло аларын боолголойт Маргарита Лянге. Анын пикиринде, айрыкча мигранттар мушташкан учурларда коомдо чыңалууну курчутпоо үчүн эксперттердин пикирлери зарыл.

"Мушташ болгонун угуп, бул тууралуу пикир айтчу кишини таппайсың. Адамдар жакшы окуялар, айталы, улуттук майрам, концерт жөнүндө гана ой кошкусу келет. Улуттук бирикмелердин лидерлери терс окуя болсо да аны түшүндүрүп берүүгө даяр кандайдыр жарандык көкжалдык керектигин түшүнүүгө тийиш. Россиянын миграциялык саясаты – бул эки тараптуу аракет, ошондуктан медиа менен байланыш дайым болушу шарт", — деп баса белгилейт Маргарита Лянге.

Чындыгында бул тигил же бул маселенин ЖМКларда чагылышына өзүнүн таасирин тийгизет.

2760
Белгилер:
Россия, сайт, Мигрант, көйгөй, маселе, сунуш
Тема боюнча
Россияда мигранттарга берилген жеңилдиктин мөөнөтү бүтүп баратканы эскертилди
Коронавируска экспресс-тест тапшырып жаткан кыз. Архив

Москвада мигранттар COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшыра алат. Шарты

125
(жаңыланган 10:58 15.10.2021)
Акысыз экспресс-тестти чет элдиктер дагы тапшыра алат. Болгону иштөөгө урусат кагазы жана убактылуу болсо дагы медициналык полиси болушу шарт.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Москвада COVID-19ду аныктоо үчүн акысыз экспресс-тесттерди тапшыруу жайларынын кызматын эмгек мигранттары дагы колдонсо болот. Бул тууралуу россиялык инфекционист, медицина илимдеринин кандидаты Евгений Тимаковго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Дарыгер экспресс-тест ПЦР-анализден эмнеси менен айырмаланарын жана анын кандай зарылдыгы бар экенин түшүндүрүп берген.

"Экспресс-тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттө даяр болот. Бирок юридикалык күчү жок. Ал вирустун бар же жогун аныктоо максатында гана жасалат. Эгер жыйынтыгы вирус бар деп чыкса, диагноз коюу үчүн баары бир ПЦР-тест тапшыруу зарыл. Негизги максат — адамдын жөнү жок эле ПЦР-тест тапшырып, акчасын жана убактысын коротуусун алдын алуу", — деди Тимаков.

Ошондой эле ал мигранттар бул тестти кантип тапшырса болорун айтып берди.

"Акысыз экспресс-тестти чет элдиктер деле тапшыра алат. Болгону иштөөгө урусат кагазы жана убактылуу болсо дагы медициналык полиси болушу шарт", — деди адис.

Учурда мындай жайлар Москванын мектептеринде жана коомдук жайларда эксперимент иретинде ачылды.

125
Белгилер:
Россия, Москва, мигранттар, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
Темир жол вокзалдагы мигранттар. Архив

Россия 300 миң мигрантка мунапыс берди. Тизмеге кимдер кирет

302
"Миграциялык мунапыстын" Россиянын аймагынан соттун чечими аркылуу чыгарылгандарга тиешеси жок экени айтылды.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди. Алар Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары экенин РФтин Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов өзүнүн YouTube-каналында айтты. 

"Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Россиянын бийлиги Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына миграциялык мунапыс берди", — деди Коженов.

Ошол эле учурда ал кайсы беренелер боюнча мыйзам бузган мигранттарга кечирим берилгенин так айткан жок.

Шаршемби күнү Өзбекстандын Россиядагы элчилигинин баракчасына мыйзам бузган 158 миң жаранга өлкөгө кайтып келүүгө уруксат берилгендиги тууралуу маалымат чыккан. Анда Россиянын аймагынан соттун чечими аркылуу чыгарылган өзбекстандыктар бул тизмеге илинбегени айтылган.

Миграция иштери боюнча юрист Насим Абдуллаевдин "360" телеканалына билдиргенине караганда, мындай кадамга барууга жумушчу күчтүн тартыштыгы себеп болууда. Курулуш жана айыл чарба тармактарында иш токтоп калды. Ошондой эле ал бизнестин иши жүрбөй жаткандыктан, мигранттарды кайтарып келүү үчүн болгон аракеттер жумшалып жатканын кошумчалады.

"Кызыгы, 10 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган мигранттарга жаңы жеңилдик берилди. 10 жыл — мамлекет тарабынан берилген өтө оор жаза", — деди Абдуллаев.

Буга чейин мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралып жатканы айтылган.

 

302
Белгилер:
Россия, мигранттар, мунапыс, жеңилдик, Өзбекстан, Тажикстан
Тема боюнча
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
Россиядагы мигранттарга берилчү насыя: кемчилиги жана артыкчылыгы
Алтын куймалары. Архив

Электрондук алтын деген эмне? Кыргызстанда кантип пайда көрсө болот

0
(жаңыланган 11:16 26.10.2021)
Кыргызстанда каражат салуу жана инвестициялоо популярдуу болуп баратат. Sputnik Кыргызстан накталай эмес металлдык эсептин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин талдап көрүүнү чечти.

Дүйнөдө накталай эмес металлдык эсеп кеңири тараган. Кыргызстанда мындай кызматты бир нече банктар көрсөтөт.

Накталай эмес металлдык эсеп деген эмне?

Алтындын өзүн сатып албайсыз — аны сиздин эсебиңизге жазып берет. Эгер аталган баалуу металлдын баасы жогоруласа ошондон пайда көрөсүз. Аны өзүңүздүн эле банкыңызга сатсаңыз болот. Алдыда акча салуунун мындай түрүнүн артыкчылык жана кемчиликтерин талдап, алтынга болгон бааны билип көрөбүз.

Алтындын наркы дүйнөлүк котировкадан көз каранды, андыктан Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын кечки фиксингине таянып бааны белгилейбиз. Жыл башында троялык унциянын (31,1 грамм) наркы олку-солку болуп, бирок жалпы трендде төмөндөдү. Январдан 22-октябрга чейин унция 1943,2 доллардан 1808,25ке чейин түшүп кетти.

Быйыл эле арзандаганы болбосо, буга чейин тынымсыз кымбаттап келгенин белгилей кетүү керек. Мисалы, өткөн жылдын башында унция 1527,1 доллар турса, 2019-жылдын январында 1282,9 долларга бааланган. Башкача айтканда, быйыл арзандаса да мурунку жылдарга салыштырмалуу баасы түшкөн жок.

Артыкчылыгы

Накталай эмес металлдык эсеби барлар алтын куймаларынын ээлериндей болуп баалуу металлын урдап кетет деп кооптонбойт. Демек, сактоо жагынан кооптуулук жок.

Накталай эмес эсептен сатып алынган алтын берки куймаларга караганда арзан болот. Себеби аны жасоо жана транспорт менен ташууга акча кетпейт. Мисал үчүн бир грамм куйма 6400 сомдон жогору, ал эми электрондук алтын 5200 сомго чукул турат. Ири куймаларда мындай айырма жок, бирок сиз анчалык көп өлчөмдө алууга чамаңыз жетеби?

Көл жээкте эс алып жаткан кыз. Архив
© Sputnik / Константин Михальчевский
Жеткиликтүү. Улуттук банктан эң азы бир грамм алтын сатып ала аласыз, ал эми накталай эмес металлдык эсептин алкагында 0,1 грамм сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Албетте, алтын эле эмес, платина, күмүш да сатып алса болот. Бул ыңгайлуу, себеби алардын баасы арзан, ошондой эле бир гана баалуу металлдын наркына көз карандуулук жаралбайт.

Салымдардын диверсификациясы. Мисалы, эгер сомдун курсу түшүп баратса, алтындын баасы өсөт. Мындай жол менен накталай эмес металлдык эсеп сомдун кунунан жоготкон акчанын ордун жаап берет.

Өтүмдүүлүгү жогору (ликвиддүү) — алтынды бардык банкка жумушчу күндөрү барып сатып, накталай акчасын ала аласыз. Ошол эле учурда финансылык мекемелерге барбай деле сатсаңыз болот. Ал үчүн накталай эмес металлдык эсеп уланган карточка жасатышыңыз керек, алтын ошол убактагы баа менен электрондук түрдө сомго конвертация болот.

Кемчилиги

Накталай эмес металлдык эсепте куймаларга караганда сатып алуу менен сатуунун ортосундагы айырма жогору.

Салыштыруу үчүн 25-октябрга карата маалыматты көрсөтөлү:

  • Улуттук банкта куйма: сатып алуу — 6 442 сом, сатуу — 6 410,5 (айырма 31,5 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "А" банкында: сатып алуу — 4 590, сатуу 5 190 (айырма 600 сом);
  • Накталай эмес металлдык эсеп "Б" банкында: сатып алуу — 4 735,27, сатуу 5 046,66 (айырма 311,4 сом).

Башкача айтканда, мындан пайда көрүү үчүн алтындын баасы өсүп турушу керек.

Накталай эмес металлдык эсеп камсыздандырылган эмес. Мамлекет салымдын 200 миң сомго чейинки суммасын сактоого кепилдик берет, эгер банкта жагымсыз жагдай жаралган болсо, электрондук алтынды кайтарып алуу оңойго турбайт.

Накталай эмес металлдык эсептен (куймалардан) депозит сыяктуу пайда көрүүгө эч ким кепилдик бербейт. Эгер алтын кымбаттаса жакшы, кокус арзандап кетсе артка кетесиз.

0
Белгилер:
алтын, металл, эсеп, артыкчылык, кемчилик, пайда, Улуттук банк
Тема боюнча
Кыргызстан августта чет жакка былтыркыдан 40 эсе аз алтын экспорттоду