Московска обласында мигранттар. Архив

Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты

313
(жаңыланган 10:57 12.10.2021)
Мигранттарга жумуш бергендердин реестрин түзүү, кагаз түрүндөгү уруксат документтерин электрондук формага өткөрүү сунушталууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Россиянын Ички иштер министрлиги үч миграциялык режим киргизүүнү пландап жатат. Алар "кыска мөөнөтүү, узак мөөнөтүү жана туруктуу жашоо" деп аталат. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Александр Горовой билдиргенин "МВД Медиа" порталы жазды.

Маалыматка ылайык, кыска мөөнөттө жүрүү режиминде Россияга киргенден баштап 90 күн убакыт каралган. Бул аралыкта чет элдик жаран өз өлкөсүнө кетүүнү каалабаса узак мөөнөткө уруксат алышы керек. Мындай режим алты айга чейин жүрүүгө шарт түзөт. Бул убактылуу жашоого уруксат алуунун ордуна иштелип чыккан.

Ал эми туруктуу жашоо мөөнөтсүз берилет. Бул туруктуу жашоого уруксат алуунун (ВНЖ) ордун басып, Россиянын жарандыгын алууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Чет элдик жарандан кыска мөөнөттөгү убактысы бүткөндөн кийин узак мөөнөткө жүрүү режимине өтүү үчүн Россиянын чек арасынан чыгып-кирүү талап кылынбайт. ИИМ муну электрондук түрдө аткаруу механизмин иштеп чыгууда.

Ошондой эле Россияда туруктуу жашоо институтун комплекстүү түрдө реформалоо пландалып жатат. Чет өлкөлүк жарандарга аталган макамды берүү чечими ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынат.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайда билим алган чет элдик студенттер артыкчылыктуу бүтүрүүчүлөрдүн категориясына кирип калса Россия жарандыгын алууга жеңилдик каралган.

"Миграциялык режимди реформалоо чет өлкөлүк жарандарды жумушка тартууну жөнгө салат. Мигранттарга жумуш бергендердин реестрин түзүү, кагаз түрүндөгү уруксат документтерин электрондук санарип профилине өткөрүү сунушталууда. Аталган реестрге киргизилген жумуш берүүчү чет элдик жумушчулардын мамлекеттик реестринде турган бардык адамдарды өзүнө чакыра алат. Ишинин түрүн жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын өзгөчө макамын эске алуу менен салыктык режимдерди оптималдаштыруу керек. Мигрант, жумуш берүүчү жана мамлекеттин өз ара иштешүүсүн ыңгайлаштыруу үчүн эмгек миграциясы боюнча маалыматтык сервис түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле азыркы тапта Россиянын аймагында 6 миллиондон ашуун чет элдик жаран жүргөнү айтылды, анын ичинен 800 миң адам жашоого уруксат алуу же убактылуу жашоо макамына ээ. Басымдуу бөлүгү эмгек мигранты катары тартылган. Соңку убакта орто жана жогорку билим алуу үчүн келгендердин саны өскөнү белгиленди.

313
Белгилер:
Россия, Мигрант, мөөнөт, жашоо, ИИМ, туруктуу, узак, жеңилдетүү
Тема боюнча
Мигранттар быйыл Кыргызстанга көбүрөөк акча которду. 8 айлык статистика
КР элчилиги: Россиядагы кыргыз мигранттарынын теңинен көбү аялдар
Коронавируска экспресс-тест тапшырып жаткан кыз. Архив

Москвада мигранттар COVID-19га акысыз экспресс-тест тапшыра алат. Шарты

45
(жаңыланган 10:58 15.10.2021)
Акысыз экспресс-тестти чет элдиктер дагы тапшыра алат. Болгону иштөөгө урусат кагазы жана убактылуу болсо дагы медициналык полиси болушу шарт.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Москвада COVID-19ду аныктоо үчүн акысыз экспресс-тесттерди тапшыруу жайларынын кызматын эмгек мигранттары дагы колдонсо болот. Бул тууралуу россиялык инфекционист, медицина илимдеринин кандидаты Евгений Тимаковго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Дарыгер экспресс-тест ПЦР-анализден эмнеси менен айырмаланарын жана анын кандай зарылдыгы бар экенин түшүндүрүп берген.

"Экспресс-тесттин жыйынтыгы 15 мүнөттө даяр болот. Бирок юридикалык күчү жок. Ал вирустун бар же жогун аныктоо максатында гана жасалат. Эгер жыйынтыгы вирус бар деп чыкса, диагноз коюу үчүн баары бир ПЦР-тест тапшыруу зарыл. Негизги максат — адамдын жөнү жок эле ПЦР-тест тапшырып, акчасын жана убактысын коротуусун алдын алуу", — деди Тимаков.

Ошондой эле ал мигранттар бул тестти кантип тапшырса болорун айтып берди.

"Акысыз экспресс-тестти чет элдиктер деле тапшыра алат. Болгону иштөөгө урусат кагазы жана убактылуу болсо дагы медициналык полиси болушу шарт", — деди адис.

Учурда мындай жайлар Москванын мектептеринде жана коомдук жайларда эксперимент иретинде ачылды.

45
Белгилер:
Россия, Москва, мигранттар, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
Темир жол вокзалдагы мигранттар. Архив

Россия 300 миң мигрантка мунапыс берди. Тизмеге кимдер кирет

265
"Миграциялык мунапыстын" Россиянын аймагынан соттун чечими аркылуу чыгарылгандарга тиешеси жок экени айтылды.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Россия бийлиги мурда кирүүгө тыюу салынган 300 миң мигрантка кайтып келүүгө уруксат берди. Алар Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары экенин РФтин Мигранттар федерациясынын башчысы Вадим Коженов өзүнүн YouTube-каналында айтты. 

"Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин Россиянын бийлиги Өзбекстандын 150 миң, Тажикстандын 150 миң жаранына миграциялык мунапыс берди", — деди Коженов.

Ошол эле учурда ал кайсы беренелер боюнча мыйзам бузган мигранттарга кечирим берилгенин так айткан жок.

Шаршемби күнү Өзбекстандын Россиядагы элчилигинин баракчасына мыйзам бузган 158 миң жаранга өлкөгө кайтып келүүгө уруксат берилгендиги тууралуу маалымат чыккан. Анда Россиянын аймагынан соттун чечими аркылуу чыгарылган өзбекстандыктар бул тизмеге илинбегени айтылган.

Миграция иштери боюнча юрист Насим Абдуллаевдин "360" телеканалына билдиргенине караганда, мындай кадамга барууга жумушчу күчтүн тартыштыгы себеп болууда. Курулуш жана айыл чарба тармактарында иш токтоп калды. Ошондой эле ал бизнестин иши жүрбөй жаткандыктан, мигранттарды кайтарып келүү үчүн болгон аракеттер жумшалып жатканын кошумчалады.

"Кызыгы, 10 жылга чейин өлкөгө кирүүгө тыюу салынган мигранттарга жаңы жеңилдик берилди. 10 жыл — мамлекет тарабынан берилген өтө оор жаза", — деди Абдуллаев.

Буга чейин мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралып жатканы айтылган.

 

265
Белгилер:
Россия, мигранттар, мунапыс, жеңилдик, Өзбекстан, Тажикстан
Тема боюнча
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
Россиядагы мигранттарга берилчү насыя: кемчилиги жана артыкчылыгы
Россиялык Су-25

Россиялык Су-25тер Тажикстанда: кол салгандын катыгын берүүгө даярдык

0
Афганистанга Ирак жана Сириядан келген террорчулардын топтолушу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине, айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү үчүн коркунуч туудурат.

Мындай кырдаал афган чек араларынын түндүк жактагы аймактардын баарында атайын кызматтардын активдешүүсүн жана аскердик күчтөрдүн даярдыгын күчөтүүнү талап кылууда.

13-октябрда Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын башчылары менен жолугушууда РФ президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрүнө Афганистандан ирактык жана сириялык тажрыйбасы бар террорчулардын келиши, "түз экспансиянын башталышы" толук ыктымал экенин билдирди. Ошону менен катар биргелешкен атайын операцияларга күч түзүмдөрүнүн алдын ала камылгасынын маанисин баса белгиледи. Аскерий баяндамачы Александр Хроленко алдыдагы атайын операциялардын даярдыгына токтолду.

Жолугушуу өткөн күнү эле россиялык чалгындоо кызматы Афганистандагы азыркы кырдаалды мурдатан болжогону да белгилүү болду. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети афган территориясынан баңгизат, курал, ок-дарынын агымы күч алганын маалымдады. Бул жакшы жышаан эмес.

Андан мурун РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко талибдер Афганистан провинциясын көзөмөлдөөгө чамасы келбей, Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна кепилдик бере албай турганын айткан эле. "Талибан"* кыймылынын айрым куралдуу топтору Тажикстанга басып кирүүгө да даяр. Ушундай кооптуулуктардан улам ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун) күчтөрүнүн афган чек арасына жакын жерге белгиленген "Аскердик боордоштук – 2021" биргелешкен ыкчам-стратегиялык окуулары зарыл жана жетиштүүдөй көрүнөт.

Тажикстандагы Харб-Майдон жана Момирак полигондорунда 18–23-октябрь аралыгына белгиленген машыгууларга Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандан 5 000дин тегерегинде аскер кызматкери катышмакчы.

Окуунун алкагындагы операцияларга курал жана аскердик техниканын 700 бирдиги, анын ичинде 40тан ашуун учак жана тик учак (Су-24МР, Су-25, Ми-8МТВ, Ми-24), ошондой эле ар кыл багыттагы 15 учкучсуз аппарат да бар. Эске салсак, "Аскердик боордоштук – 2021" машыгууларынын жүрүшүндө "Өз ара аракеттешүү", "Издөө", "Эшелон" атайын операциялары өткөрүлөт, бул тууралуу биз да кабарлаган элек.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров кечээ аскердик күчтөрдүн биргелешкен тобунун күч жана каражаттары көбөйтүлгөнүн кабарлап, окууларда тажик-афган чек арасындагы окуялардын ар кыл нугун, абдан курчуп кеткен вариантына дейре эске аларын белгиледи.

Чабуулчулардын кезеги

ЖККУ боюнча союздаштар Афганистан менен чектешкен аймактарда атайын окууларга даярдыгын аяктап калды. Тажикстанга РФтин Борбордук аскердик округунун фронттук Су-24МР бомбалоочулары, Кыргызстанда жайгашкан "Кант" россиялык авиабазасынын Су-25 чабуулчулары да жеткирилген. Биргелешкен окуулар эң кызып калган убакта учкучтар шарттуу душманды издөө, анын объектилерин жок кылуу, мотоаткычтар бөлүгү жана танкисттердин чабуулуна көктөн ок атуу менен көмөк көрсөтүүгө машыгышат.

Чабуулчу Су-25 жердеги чакан көлөмдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз объектилерин жок кылууга багытталган. Бул – буталар так көрүнгөн шарттарда же 30 метрден 5 чакырымга чейинки бийиктикте Кургактагы күчтөрдү күнү-түнү түздөн-түз колдоодо алмашкыс аскердик бирдик. Су-25тин бурулушунун чакан радиусу (500 метр) чабуул коюучу учкучтарына чабуулду майнаптуу уюштурууга, аскердик запасты (30 миллиметрлик замбирек снаряддары, тескелүүчү жана башкарылбаган ракеталар, түзөтүлчү жана кассеталык аба бомбалары, күчтүү көлөмдүү-жардыруучу аба бомбалары жана күйүүчү май аралашмасы толтурулган челектер) сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Су-25 чабуул коюучу учагынын максималдык аскердик жүгү – 4 тоннадан ашуун. Күчтүү жана универсалдык бул аба бирдиги Афганистанда 1980-жылдардын башында эле өзүн көрсөтө алган. Андан бери бир нече ирет заманга ылайыкташтырылганы да маалым.

Алдыдагы машыгууларга даярдык абдан кызуу жана олуттуу жүрүүдө. Россиялык Борбордук аскердик округунун командачысынын орун басары Алексей Лемякин сириялык тажрыйбаны эске алуу менен Тажикстанда ЖККУнун Ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык камсыздоо милдеттеринин кеңири түрлөрү аткарыларын айткан.

Айтмакчы, "Аскердик боордоштук – 2021" ыкчам-стратегиялык окууларында ЖККУга мүчө болбогон Өзбекстандын күчтөрү келбегени менен буга чейинки биргелешкен контртеррордук машыгууларга катышканын да белгилей кетели.

Ыкчам жагдай

Талибдердин бул айдагы тышкы саясий активдешүү аракеттери, Дохадагы бир катар маанилүү жолугушуулары, чет элдик гуманитардык жана каржылык жардам алууга, кыймылды эл аралык деңгээлде мыйзамдуу саясий күч катары таанытууга кадамдары деле өлкөнүн мындан аркы экономикалык жана ички саясий бүлгүнүн токтото албачудай. Коңшу мамлекеттер жана Бириккен Улуттар Уюму талибдер инклюзивдик өкмөт куруу жана аялдардын укугун коргоо боюнча убадаларын аткарбаганын белгилеп жатышат.

"Талибандын"* өз "атаандаштарына" каршы туруу далалаттарына карабастан Афганистандын ири шаарларында жана түндүк провинцияларындагы электр чубалгылар линияларын жардыруулар дале токтой элек.

Талибдер өлкө бийлигин кайрадан ээлегенден бери афган жалпыга маалымдоо каражаттарында 17 теракт тууралуу маалыматтар чыкты. Аларга таянсак, көпчүлүгүнүн артында "Ислам мамлекети"* уюму турат. Кабул, Нангархар, Парван, Кунар, Кундуздагы жардырууларда 600 киши жабыр тартты. Терактылардын баары эле коомго ачыктала калган жок.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясына караштуу Ханабад уездиндеги шииттердин мечитиндеги 8-октябрдагы теракт 120 кишинин өмүрүн алып, 160тан ашуун адамды жарадар кылды. 14-октябрда Кунар провинциясында талибдердин уезддик полициясынын начальниги олтурган автомобиль жардырылды. АКШ жана НАТОнун аскердик интервенциялары менен болгон күрөштө "Талибан"* жеңишке жетишкенден бери Афганистанга Ирак жана Сирияда согуштук аракеттерди жүргүзүүдө тажрыйба топтогон ИМ* террорчулары чогула баштады. Бул "баары баарына каршы" согушунун уланышынан коңгуроо кагат.

Калган көйгөйлөрү аз келгенсип, ушул тапта афган калкынын жүрөгүн өйүтүп турган нерсе – өлкөдө бийлик үчүн күрөшкө улам жаңы, мурдагылардан да радикалдуу топтордун жаралышы. Ошондой эле этникалык тажик – кенже Ахмат Масуддун жетекчилигиндеги Улуттук каршылык көрсөтүү фронту да талибдер менен "эзелки" партизандык күрөшүн улантууда.

ЖККУ Афганистандагы абалды эске алып Тажикстандагы аскердик окууларын, ал эми Россия Душанбеге россиялык аскердик жана аскердик-техникалык жардамын, жакынкы айларда тажик-афган чек арасын материалдык-техникалык жактан бекемдөөгө көмөктөшүүнү уланта берери ажеп эмес.

* – Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюмдар.

Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.

0
Белгилер:
Тажикстан, Россия, Афганистан, Сирия, согушкер, 'Талибан' кыймылы, чек ара, машыгуу, курал
Тема боюнча
Иран менен Түркия согушка даярдыгын көрсөтүүдө: Азербайжандын эмне тиешеси бар?