Коронавирус боюнча өкмөттүн брифинги өттү. Видео

Жазылуу
Ушул тапта өкмөттүн маалымат борборунда "Коронавирустун өлкө аймагына кирүүсүн жана жайылуусун алдын алууу боюнча жасалып жаткан иштер" темасындагы брифинг өтүп жатат.

Эске салсак, бүгүн, 16-мартта, коңшу Казакстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди. Акыркы маалыматтар боюнча, Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны тогузга жетти.

Ал эми Өзбекстанда төрт киши аталган вирусту жуктуруп алган. Бийлик бүгүн башка өлкөлөр менен аба байланыштарын токтотууну көздөп жатат. Буга чейин коңшулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анда негизги тема катары азык-түлүк маселеси каралган.

Ушул тапта Кыргызстанда коронавируска кабылгандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0