Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн сентябрдагы баасы

886
(жаңыланган 16:04 11.10.2021)
2021-жылдын сентябрь айында Бишкекте батирлердин баасы бир аз өстү. Эки бөлмөлүү "элиткалардын" орточо баасы башкаларга караганда кымбаттады.
Бишкекте сатылган батирлердин баасы сентрябрь

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык маалымат булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат.

Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдык тип) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Мындан сырткары, ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.
Бул материалды даярдоо үчүн 1 782 жарыяга көз жүгүртүп, анализдеп чыктык.

2021-жылдын сентябрь айында Бишкекте батирлердин орточо баасы өткөн айга салыштырмалуу бир аз өстү. Ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги эки бөлмөлүү батирлердин баасы орточо эсеп менен алганда 2 900 долларга кымбаттады. Үч бөлмөлүү "хрущевкалардын" баасы да орточо эсеп менен 1 100 долларга өстү. 

104-сериядагы бир бөлмөлүү батирдин орточо наркы 800 долларга түштү. Бир бөлмөлүү "хрущевка" да 300 долларга арзандады.

Ачык маалымат булактарынан карай келгенде, сентябрда бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 29 700 доллар (26 000 - 34 500 арасында);
  • 105-серия — 29 400 (23 000 - 37 000);
  • 106-серия — 33 000 (26 000 - 44 500);
  • "хрущевкалар" — 25 900 (17 500 - 33 500);
  • индивидуалдык тип — 30 000 (15 000 - 43 000);
  • ичин ээси өзү жасай турган варианты — 30 800 ( 19 000 - 44 000).

Эки бөлмө батирдин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 000 доллар (27 000 - 44 500);
  • 105-серия — 41 500 (25 000 - 54 500);
  • 106-серия — 43 600 (32 500 - 61 500);
  • "хрущевкалар" — 32 900 (20 500 - 47 000);
  • индивидуалдык тип — 39 000 (18 000 - 71 500);
  • ичин ээси өзү жасай турган варианты — 46 500 (20 500 - 84 600).

Үч бөлмө батирдин орточо баасы:

  • 104-серии — 43 800 доллар (28 000 - 70 000);
  • 105-серия — 50 400 (32 500 - 78 000);
  • 106-серия — 54 700 (30 000 - 73 000);
  • "хрущевкалар" — 40 000 (31 500 - 49 000);
  • индивидуалдык тип — 53 000 (26 500 - 95 000);
  • ичин ээси өзү жасай турган варианты — 76 800 (32 000 - 134 000).
886
Белгилер:
Бишкек, батир, баа
Тема боюнча
Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн августтагы баасы

Чечинип алып аянтта турушту. Италиялык стюардессалардын нааразы болгон видеосу

373
Банкрот болуп калган Alitalia авиакомпаниясынын борт коштоочулары Рим шаарынын чок ортосунда нааразылык акциясын уюштурушту. Кыз-келиндер үстүндөгү костюмдарын чечип, жалаң ич көйнөкчөн калышкан.

Мындай жол менен алар 75 жылдан бери иштеп келе жаткан авиакомпания жабылгандан кийинки абалын көрсөтүүнү чечишкенин НТВ билдирди. 

Компаниянын кызматкерлеринин көбү, тагыраагы, жети миңге чукулу такыр эле жумушсуз калган. Мурдагы стюардессалар "Биз — "Алиталия" деп кыйкырышты.

Видеодон алардын эрежени сактап, коомдук тартипти бузбай, бирок сырттан караган ар бир адамдын көңүлүн бура тургандай акция уюштургандыгын көрүүгө болот.

373
Белгилер:
Италия, стюардесса, авиакомпания, банкрот, нааразычылык
Тема боюнча
Биринчи тепкенде эле жапты. Стюардессанын таң калтырган видеосу

Диний чөйрөнүн өкүлдөрү жарышка түшүп... Марафондун видеосу

200
Бишкекте өлкөдөгү диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Спорттук иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурду.

Мекеменин төрагасы Тойгонбай Абдыкаров иш-чара диний уюмдардын ортосунда ынтымакты бекемдөөнү көздөгөнүн билдирди.

"Бул спорттук иш-чарабыз Кыргызстанда дин эркиндигинин алкагында бардык диндердин өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, диндер ортосунда араздашуунун алдын алуу, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү максатында уюштурулууда. Ага мамлекеттик комиссияга мүчө болгон бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты", — деген Абдыкаров.

Марафон Бишкек шаарындагы "Ден соолук" эс алуу паркында өттү. Ага ар кандай диний уюмдардан 150дөй киши катышып, үч чакырым аралыкка чуркашты.

Соңунда катышуучуларга атайын жасалган медалдар тапшырылды.

200
Белгилер:
Бишкек, дин, марафон, чуркоо
Тема боюнча
Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча концепция күчүнө кирди. Анда эмнелер бар
Бишкекте диний конфессиялардын өкүлдөрү марафондо чуркап жарышты. Сүрөт
Балбандар мелдеш учурунда. Архив

U23 дүйнө чемпионатына бара турган кыргызстандык балбандардын тизмеси

0
Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) түрлөрү боюнча U23 дүйнө чемпионатына барчу Кыргызстандын командасынын курамы аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ослодо өткөн дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев бул турнирге катышат.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча мелдешке быйыл жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль уткан Акыйкат Гулжигит уулу барат.

Эркин күрөш балбандарынын курамы:

  • Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм);
  • Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм);
  • Айбек Токтогул уулу (65 килограмм);
  • Эрназар Акматалиев (70 килограмм);
  • Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм).

Спортчуларды өлкөнүн эркин күрөш боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу Руслан Маджинов менен ага машыктыруучу Исламбек Тазабеков жетектеп барышат.

Грек-рим күрөшү боюнча балбандардын тизмеси:

  • Акыйкат Гулжигит уулу (55 килограмм);
  • Нурмухаммет Абдуллаев (60 килограмм);
  • Марлен Асикеев (67 килограмм);
  • Ийгилик Сатымкул уулу (72 килограмм);
  • Акылбек Талантбеков (77 килограмм);
  • Бексултан Назарбаев (82 килограмм);
  • Азат Салидинов (87 килограмм);
  • Данияр Шеримбеков (97 килограмм).

Грек-рим күрөшүнүн балбандарын улуттук команданын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев менен Арсен Эралиев баштап барышат.

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 2021-жылдагы U23 дүйнө чемпионаты 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

0
Белгилер:
күрөш, дүйнө чемпионаты, Кыргызстан, курама команда
Тема боюнча
U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат
Айпери Медет кызы: күтүүсүз нерсе адамды жаңы кадам жасоого түртөт экен
Чемпионго 100 миң доллар! Дүйнө чемпионатына барчу КР боксчулары аныкталды