Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник

Sputnik радиостанциясы Грузияда өз берүүсүн баштады

25
(жаңыланган 10:54 07.12.2014)
Радиостанциянын башкы редактору Антон Ласхишвили билдиргендей, Sputnik толкунунда жаңылыктарды, репортаждарды, маектерди жана комментарийлерди угууга болот.

БИШКЕК, 11-ноя — Sputnik. Sputnik маалымат-аналитикалык радиостанциясы Грузияда иштей баштагандыгын билдирди Тбилисиден РИА Новости кабарчысы Бесик Пипия.

"Берүүлөр түрмөгүндө жаңылыктар, репортаждар, маектер жана комментарийлер бар. Азырынча эртең менен эки саат, кечинде эки саат болуп төрт сааттык берүүлөрдөн баштадык. Берүүлөр грузин тилинде. Келерки жыл ичинде күнү-түнү берүүгө өтүүнү пландап жатабыз", — дейт радиостанциянын башкы редактору Антон Ласхишвили.

Ал радио берүү азырынча FM жыштыгында (101,4) берилип жаткандыгын, бирок келечекте берүүлөрдү интернет аркылуу угууга боло тургандыгын билдирди. 

Ласхишвили радиостанция "пропагандисттик машина эмес, ал жөн гана коомдо болуп жаткан окуяларды элге кабарлап турат. Обо аркылуу биз башкалар айтпаган нерселер тууралуу айтып беребиз ",— деп билдирди.

Онунчу ноябрда "Россия сегодня" ЭМА жаңы брендди чыгарды. Бул ондогон өлкөлөрдөгү өз борборлорун камтыган жана толугу менен чет элдик аудиторияга багытталган Sputnik мультимедиалуу топ. 

Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник
© Sputnik / Алексей Филиппов
Презентация крупнейшего международного информационного бренда "Спутник"

Sputnik редакциялары дүйнөнүн ондогон борбор шаарларында өз сайттарын ачып жана жергиликтүү жыштыктардагы өз студиялардан берүүлөрдү жайылтат. 2015-жылы эле дүйнөнүн 30 тилинде 34 өлкөсүндө жана 130 шаарында радиоберүүлөрдүн сааты күнүнө 800дөн аша тургандыгы пландалууда. Жаңы бренд астындагы жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) ар бир өлкөнүн өз кызыкчылыгы, маданияты, тарыхы, каада-салты болгон көп кырдуу дүйнөнү көрсөтүүнү көздөйт. 

"Sputnik контенти миллиарддаган аудиториянын бир жактуу дүйнөнүн таңууланма үгүт-билдирүүлөрүнөн чарчаган жана альтернативалуу көз карашка муктаж бөлүгүнө багытталган",— деп баса белгиледи "Россия сегодня" ЭМАсынын башкы директору Дмитрий Киселев.

25
АКШ долларлары. Архив

Улуттук банк бүгүн 71,3 млн. доллар сатып, дагы бир рекорд жаратты    

36
(жаңыланган 22:34 07.12.2021)
Мурунку рекорд эки жума мурун катталган. Анда башкы финансылык ведомство 70,3 миллион долларлык интервенция жасаган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Улуттук банк бүгүн, 7-декабрда, валюта рыногуна 71,3 миллион доллар сатты. 

Бул 2010-жылдан бери жүргүзүлгөн эң ири интервенция (андан мурунку жылдарга карата маалымат ачык булактарда жок).

Буга чейинки рекорддук көрсөткүч 23-ноябрда катталып, 70,3 миллион доллар сатылган болчу.

Ушуну менен быйылкы жылдын эсебинен 14 жолу интервенция жасалды. Бул аралыкта сатылган доллардын суммасы 633 миллионго жетти. Улуттук банк 24-ноябрда накталай түрүндө дагы 38 миллион доллар саткан.

36
Белгилер:
Улуттук банк, интервенция, доллар, сатуу
Тема боюнча
Улуттук банк ноябрда сомдун курсун кармап туруш үчүн канча акча коротту
Президент салыктан бошоткон ишканаларга беш талап койду. Тизме
Башкы прокуратура. Архив

Башкы прокуратура Жээнбеков менен Зулпукаров канткенде абактан чыгарын айтты  

120
(жаңыланган 22:26 07.12.2021)
Башкы көзөмөл органы мындан аркы кадамдар парламенттин чыгарган чечимине жараша болорун белгилеп жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновду жоопко тартуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, парламент макулдук берген учурда аталган депутаттар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми макулдук берүүдөн баш тартса, алардын камактан бошотулушуна негиз болот. Депутаттык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иш өндүрүштөн убактылуу токтотулат.

“Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында башкы прокурордун сунуштамаларын карап, добуш берүү жолу менен депутаттарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат. Демек, кылмыш иши боюнча процессуалдык чечим Жогорку Кеңештин корутундусунун негизинде каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ноябрдын аягында башкы прокурор Курманкул Зулушев үч эл өкүлүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.

Натыйжада анын сунуштамасын кароо үчүн жети депутаттан турган комиссия түзүлдү.

Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

120
Белгилер:
Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Башкы прокуратура, чечим, абак
Тема боюнча
Абакта отурган Жээнбеков менен Зулпукаровдун кандай байлыгы бар