Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды

© Фото / пресс-служба ЖК КРЧыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды
Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы бул ирет азербайжан жазуучусу, дагы бир чоң талант Анар Расул оглы Рзаевге берилди.

БИШКЕК, 29-ноя — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы Азербайжан Жазуучулар бирлигинин жана Түрк тилдүү мамлекеттердин жазуучулар бирлигинин төрагасы Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды.

Сыйлыкты тапшыруу салтанаты жума күнү Санкт-Петербург шаарында өттү. Сыйлыкты жана акча каражатын КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы, РФ  Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенко менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков тапшырды.

Төрага Жээнбеков азербайжан элинин көп кырдуу таланттуу уулу, белгилүү жазуучу, режиссер, сценарист, публицист Анар Рзаевди Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка КМШ ПААнын Кеңеши бир добуштан колдогонун жарыялады. Лауреатты Жогорку Кеңештин атынан куттуктаган А.Жээнбеков ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

30 миң доллар өлчөмүндөгү аталган сыйлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сунушу менен 2012-жылдын ноябрь айында КМШ ПАА Кеңешинин токтомунун негизинде уюштурулган. 

2013-жылы Ч.Айтматов атындагы КМШ ПАА сыйлыгы алгачкы жолу Россия Федерациясынын "Литературная газета" гезитинин башкы редактору Юрий Поляковго ыйгарылган.

Бул сыйлык жылына бир жолу бир гана адамга берилет. Лауреаттын маданият, агартуу жаатында, гуманитардык илимдерди, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы, маданий мурастарды иликтеп сактоодо, улуттар менен элдерди өз ара маданий жактан жакындаштырууда жана байытууда, тынчтыкты жана достукту бекемдөөдө, мамлекеттер ортосундагы руханий байланыштарды өнүктүрүүдө сиңирген эмгегине өзгөчө көңүл бурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0