РФ ИИМи: алты чакты согушчан Грозныйдагы Басма сөз үйүндө курчоодо

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүАрхив: Басма сөзү үйүнүн имараты
Архив: Басма сөзү үйүнүн имараты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басма сөз үйүнүн аймагындагы атышуулар улантылууда. ИИМде кырдаал укук коргоочулардын көзөмөлүндө экендигин, согушчандар чыгып кетиши мүмкүн болгон бардык жолдор толук тосулгандыгын баса белгилешти.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Алты чакты согушчанды Грозныйдын Басма сөзү үйүнүн имаратында полиция кызматкерлери курчап турушат деп билдирди Россиянын Ички иштер министрлигинин Чеченстандын басма сөз кызматкеринин маалыматына таянган РИА Новости.

Буга чейин мыйзамсыз куралдуу топ бар деп божомолдонгон автоунааны кармоо учурунда үч полиция кызматкери каза тапкандыгы кабарланган. Аталган маалыматты бергендердин айтымында, болжолдуу саны 3 адам болгон согушчандар шаардын борборундагы Басма сөз үйүндө курчалып жатат. 

Өз кезегинде, ИИМ басма сөз кызматынын өкүлү алдын ала маалыматтар боюнча имаратта беш-алты согушчан бар деп билдирди. 

"Азыркы учурда полиция аларды жок кылуу боюнча операция жүргүзүүдө", — деди басма сөз кызматкери.

Басма сөз үйүнүн аймагындагы атышуулар улантылып жатат. ИИМде кырдаал укук коргоочулардын көзөмөлүндө экендигин, согушчандар чыгып кетиши мүмкүн болгон бардык жолдор толук тосулгандыгын баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0