"Сотбисте" сатылган алтын шурунун өлкөдөн кантип алынып чыгылгандыгы текшерилет

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: "Сотбис" аукционунун сайты
Архив: Сотбис аукционунун сайты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Лондондогу "Сотбис" аукционунда V кылымдагы чыгыш гунндарына таандык алтын шуру сатылгандан кийин гана бул азем буюм өлкө аймагынан кантип алынып чыкканын текшерүүгө киришти.

Кыргыз байларына таандык алтын шуру 390 миң доллар деп бааланды
БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Англиянын борбору Лондон шаарындагы "Сотбис" аукционунда кыргызстандык үй-бүлөдө мурас катары сакталып келе жаткан 5-кылымдагы чыгыш гунндарына таандык алтын шуру сатылып кеткенден кийин гана өлкөнүн Маданият министрлиги тарыхый-маданий баалуулук болгон азем буюмдун өлкөдөн алынып чыгышын териштерүүгө киришти. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

"Тарыхый-маданий мурасты сактоо жана колдонуу жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, элдин тарыхына, өсүп-өнүгүшүнө, маданиятына байланышкан эстеликтер тарыхый-маданий мурас болуп эсептелет", — деп айтылат басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошол эле учурда, министрлик Кыргызстандын менчигиндеги тарыхый жана маданий эстеликтер мамлекет тарабынан коргоого алына турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0