Масимов ШКУ алкагында өз ара эсептешүүнү улуттук акчалар менен жүргүзүүгө өтүүнү сунуштады

© Sputnik / Александр Астафьев / Медиабанкка өтүүПереговоры Д.Медведева и К.Масимова
Переговоры Д.Медведева и К.Масимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бул аталган чөйрөдө эки тараптуу деңгээлдеги айрым иштелме-тажрыйбалар барын белгиледи.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) катышуучулары улуттук акчалар аркылуу өз ара эсептешүүгө өтө алат деп эсептээрин Казакстандын премьер-министри Карим Масимов билдирди дейт РИА Новости.

"Улуттук акчалар аркылуу өз ара эсептешүүгө өтүүгө болот деп эсептейбиз. Бизде бул багытта эки тараптуу деңгээлдеги иштелмелер бар. Аларды бүтүндөй уюмдун деңгээлине чыгарса болот", — деди Масимов дүйшөмбү күнү ШКУ өкмөт башчыларынын Кеңешмесинин кеңейтилген курамдагы отурумунда.

Астанадагы ШКУга мүчө мамлекеттердин жыйынында регионду өнүктүрүү талкууланды
Ал ШКУ Ишкердик кеңешине жана уюмдун банктар аралык бирикмесине соода-экономикалык кызматташтык тармагындагы эки документтин — көп тараптуу соода-экономикалык программасын аткарчу иш-чаралар планы менен ШКУ алкагында 2017-2021-жылдарга карата долбоорлук иш-аракеттерди андан ары өнүктүрүү иш-чаралар тизмеси боюнча долдоордун үстүндөгү иштерге кошулууну сунуштады.

"Глобалдык каржы-экономикалык кыйынчылыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн бүгүн колдо бар ресурстарды натыйжалуу пайдалануунун мааниси чоң. Уюмдун катышуучулары социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсү үчүн ШКУ алкагындагы көп тараптуу практикалык кызматташтыкты жандандыруу зарыл", — деген премьердин сөзүн "Новости-Казакстан" агенттиги келтирген.

ШКУнун мындан аркы кеңейтүү келечеги деп белгилеген Масимов, уюмдун мейкиндигинде мындан да кенен экономикалык интеграция зарылчылыгын шарттайт.

"Бул жагынан алганда евразиялык интеграция ШКУнун экономикалык бөлүгүн толуктап жана бекемдей турган жаңы факторго айланышы мүмкүн", — деп белгилейт премьер-министр.

Казак өкмөт башчысынын пикири боюнча, Жибек-Жолу экономикалык тилкени жөнгө салуу боюнча КЭР төрагасынын демилгеси кызыктырат.

"Бул долбоорду ШКУ алкагындагы башка долбоорлор менен айкаштырууга болот деп ойлойбуз. Баса белгилейин дегеним, түзүлгөн жана түзүлүп жаткан интеграциялык бирикмелер менен экономикалык биримдиктер бири-бирине каршы коюлбастан, тескерисинче, өз ара жигердүү жана натыйжалуу кызматташуулары керек", — деп кошумчалады Масимов.

Жаңылыктар түрмөгү
0