Депутаттар Султан Ибраимовго Эл Баатыры наамын берүүнү колдошту

Жазылуу
Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүүнү бир добуштан колдоого алды.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. Парламент комитети белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгесин колдоду.

Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамын берүү демилгеленди
Жогорку Кеңеш Султан Ибраимовго "КР Баатыры" наамын берүү боюнча токтом чыгарып, ал бүгүнкү комитеттин жыйынында жактырылды. 

Бир аз убакыт мурда Каныбек Иманалиев, Каныбек Осмоналиев баштаган Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары бул маселе боюнча демилге көтөрүп чыгышкан.

Депутаттар Султан Ибраимовдун элге өтөгөн эмгеги үчүн акыйкат баасын ала электигин, мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында мамлекетти бекемдөөнүн үлгүсүн көрсөткөн инсан катары Баатыр наамын берүүнү президентке сунуштоону айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0