Airbusтун сыныктары табылган жерде учкучтар учактын сөлөкөтүн көрүштү

© Фото / Jordan VuongСамолет Air Asia
Самолет Air Asia - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар учак кулаган жерде суунун тереңдиги 30 метрге жакын деп болжошууда.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Индонезиянын Аскердик Аба Күчтөрүнүн учкучтары Airbusтун сыныктары табылган жерде учкучтар учактын сөлөкөтүн көрүштү деп билдирет РИА Новости Индонезиянын Улуттук издөө салуу жана куткаруу башкармалыгынын жетекчиси Хенри Бамбанг Сулистьонун билдирүүсүнө таянуу менен.

Индонезиянын Унаа министрлигинин аба унаа башкармалыгынын башкы директору Жоко Мурьяатмоджо мурдараак Яван деңизинде табылган объекттер Air Asia Indonesia авиакомпаниясынын жоголгон Airbusунун сыныктары экендигин билдирген.

Ошондой эле Индонезиянын ААК Суматра жана Калимантан аралдарын бөлүп турчу Каримата кысыгынан адамдын өлүгүн табышты. Ал жерге вертолёт жиберилген. Операциянын жүрүшүндө вертолёттун экипаж мүчөлөрүнүн бири аркан менен ылдый түшүп, каза болгондун сөөгүн бортко көтөрүп чыкты. 

Airbus Индонезиянын Сурабая шаарынан Сингапурга 28-декабрда учуп чыккан. Бир саатка жетпеген убакыттан кийин учкуч аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу учуу багытын өзгөртүүгө уруксат сураган. Ага өйдө карай учпай, булуттуу аймакты айланып өтүүгө уруксат берилген. Себеби ал аймакта башка учактар да бар болчу. Андан соң авилайнер кырсык болгондугу тууралуу эч белги бербестен эле радарлардын экранынан жок болуп кеткен. Ошондо ал Индонезиянын Банка-Белитунг провинциясынын Танджунгпандана шаарынан түштүк-чыгышты карай болжол менен жүз деңиз мили аралыгында учуп бара жаткан. Учактын бортунда 162 адам бар болчу. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0