Кадыров Ходорковскийди мусулмандардын жана өзүнүн жеке душманы деп жарыялады

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүПресс-конференция Рамзана Кадырова
Пресс-конференция Рамзана Кадырова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Instagramдагы жеке баракчасында Чечен Республикасынын башчысы "ЮКОСтун" мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковскийге болгон жеке мамилесин билдирген. Кадыровдун айтымында, өз иш-аракеттери менен аталган ишкер "өз күнүн өзү санап койду". Мурдараак Ходорковский журналисттерди Мухаммед пайгамбардын карикатураларын чыгаруусу керектиги жөнүндө жазган эле.

БИШКЕК, 9-янв — Sputnik. Чечендердин башчысы Рамзан Кадыров "ЮКОС" компаниянын мурдагы башчысы, Франциядагы теракттардан кийин ЖМКларга Мухаммед пайгамбардын сатиралык сүрөттөрүн басып чыгаруу чакырыгы менен кайрылган Михаил Ходорковскийдин иш-аракеттерин кескин сынга алды деп билдирет РИА Новости.

"Франциядагы болгон кандуу зомбулуктан кийин ал өзүн француз жетекчилеринен да чоң француз сезип калды. Франция бийлиги кылмышты териштирип, кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн алдын алуу чараларын көрүп жатканда Ходорковский бардык журналисттерди Париждин сатиралык журналынын жасаганын кайталап, карикатураларды басып чыгарууга чакырууда", — деп жазат Кадыров Instagramда.

Ошону менен бирге чечен лидери Ходорковскийди "өзүнүн жеке душманы" жана "бардык мусулмандардын душманы" деп атаган. Өз кылганы менен ишкер "өз күнүн санап койду" дейт Кадыров.

"Ал ушунча жакшы көргөн Швейцарияда качкын кылмышкерден жооп талап кыла турган мыйзамга баш ийүүчү жарандар көп табылар деген ишеничтемин. Болгондо да алар катуу жана чечкиндүү сурашары айкын", — деп баса белгиледи Кадыров.

Мурдараак "ЮКОСтун" мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский Twitterде журналисттерден ислам пайгамбарына карикатураларды тартып чыгарууну талап кылган билдирүүнү жарыялаган эле. 

Ишкер, эгер журналисттердин намысы болсо, эртең пайгамбардын карикатурасын чыгарбаган басылма болбошу керек деп жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0