Пресс-конференция В.Януковича

Интерпол Виктор Януковичке издөө жарыялады

(жаңыланган 10:21 16.01.2015)
Бирок россиялык юристтердин пикири боюнча, бир да өлкө Украинанын мурдагы башчысын анын азыркы бийлигинин колуна өткөрүп бербейт, себеби анын куугунтукка алууга болгон саясий себептери айкын.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке издөө салуу жөнүндө маалымат Интерполдун сайтында пайда болду деп билдирет РИА Новости.

Мурдагы мамлекет башчысын Украинанын сот бийлиги “кылмыш жазасына тартуу үчүн” издеп жатат. Ага мүлктү ээлеп алуу же коромжулоо, ири көлөмдө же уюшулган топтун курамында кыянаттык кылуу айыбы коюлууда. 

Андан сырткары, Интерпол бир нече адамга издөө жарыяларды. Алардын катарына Украинанын региондор партиясынан эл депутаты Александр Шепелев жана өлкөнүн мурдагы каржы министри Юрий Колобов бар.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков Интерпол аркылуу өлкөнүн мурдагы президенти Виктор Януковичке, анын уулу Александр жана Украинанын экс-премьери Николай Азаровго эл аралык издөө жарыялангандыгын мурдараак билдирген эле.

"Бүгүн 2014-жылдын мартындагы аргументтер менен түшүндүрмөлөрдүн негизинде жасалган кайрылуудан кийин бир нече ай өткөн соң, Украинанын ИИМнын, Башкы прокуратурасынын, УККнын даярдаган сурап кайрылуусу боюнча Интерполдун атайын комиссиясы чечим кабыл алды. Интерполдун эл аралык издөөсүнө алынгандар (кызыл карточка — кармап Украинага өткөрүп берүү): Виктор Федорович Янукович, Александр Викторович Янукович, Николай Янович Азаров, Раиса Васильевна Багатырева, Ю.В.Колобов (Украинанын мурдагы каржы министри), Г.Б.Дзекон ("Укртелекомдун" мурдагы жетекчиси)”, — деп айтылат дуйшөмбүдө Аваковдун Facebook бетинде чыккан билдирүүсүндө.

Москванын Адвокаттар палатасынын президенти, Россиянын эмгек сиңирген юристи Генри Резник өз аймагында Интерполдун бюросу бар бир да өлкө Украинанын мурдагы президенти Януковичти жана башка экс-чиновниктерди эл аралык издөө жарыяланганына карабай, Украинанын азыркы бийлигинин колуна өткөрүп бербейт, себеби ал тараптардын куугунтукка алууга болгон саясий себептери айкын деген пикирин билдирди.  

"Менин бул жагдай боюнча эч күмөнүм жок. Экстрадициялоо жөнүндө конвенцияга ылайык, ишинде саясий себептер бар адамдар башка мамлекеттерге өткөрүп берилбейт. Мында болсо саясий тирешүүчүлүк айкын көрүнүп турат. Муну алып салуу мүмкүн эмес. Ошон үчүн иш жүзүндө Россияда, башка европалык өлкө да Януковичти өткөрүп бербейт", — деп эсептейт юрист.

Мисал катары Резник Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини атады. Ага да азыркы грузин бийлиги тарабынан издөө жарыяланган. Бирок бийлик канча каалабасын, саясий себептердин негизинде ал өткөрүлүп берилбейт.

Белгилер:
Интерпол, Генри Резник, Арсен Аваков, Виктор Янукович, Украина
Тема боюнча
Украинанын телеканалдары Россиянын сериалдарынан баш тартпайт
БУУ: Украинада миллиондон ашык адам өз үйлөрүн таштап кетти
Бишкек — Тегеран авиакаттамдын учагы. Архив

Министрликте Бишкек Тегеран авиакаттамын жандантуу талкууланды

(жаңыланган 11:11 23.04.2021)
Пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү тууралуу да кеп болгон.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.

"Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, элчи, авиакаттам, ТИМ, Иран, Кыргызстан
Тема боюнча
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт
ЖРТ учурунда окуучу. Архив

ЖРТга аз калды. Тестирлөөгө даярданган бүтүрүүчү кандай ката кетирет?

(жаңыланган 11:13 23.04.2021)
Бир айга жетпеген мезгилден кийин абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөдөн өтүшөт. Ага даярданууда кандай каталар төмөн балл алууга түртөрүн тестирлөө жүргүзгөн уюмдагылар айтып берди.

Ушул убакта республика боюнча миңдеген бүтүрүүчү маанилүү тестирлөөгө катуу камылга көрүүдө. Ансыз окуу жайлардын көбүнө тапшыруу мүмкүн эмес.

Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөргөн уюмдагылар келечекке алгачкы кадам шилтеткен бул сынакка камынууда абитуриенттер кандай катачылыктарды кетирерин айтып беришти.

Кымгуут түшпөңүз!

Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак. Адистер санаага алдырбоого кеңеш беришет, ЖРТ мектеп программасынын алкагындагы тапшырмалардан турат. Эгер сабактарга калтырбай катышып келсеңиз, сизге тест татаал деле болбойт. Ошону менен бирге эле ЖРТга канчалык эрте кунт коюп даярдана баштасаңыз, жыйынтык да ошончолук сезилерлик болот.

Абитуриент перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тестирлөөнүн тагдыр чечер маанисинен улам бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү азыр чүнчүп турган убак

Жадыбалдай жатташтын кажети жок

Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок. Мисалы, “Тилдин практикалык грамматикасы” бөлүмүндө тигил же бул эрежени жатка айтканыңыз эмес, үйрөнгөн тилди иш жүзүндө пайдалана билгениңиз текшерилет. Маселен, сөздөрдү тилдин нормаларына шайкеш колдонуу, сүйлөмдү ылайыктуу сөздөр менен толуктай билүү жана башкалар. Тарых боюнча предметтик тестте тарыхый окуялардын себептери, кесепети жана маанисин түшүнүү маанилүү.

Абитуриенты перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19. 22 июня 2020 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр ой жүгүртүп жана мектепте алган билимди пайдалана билүүнү көрсөтүшү керек. Ошондуктан материалдарды жаттоонун зарылдыгы жок

Ынан, бирок текшер

Тестирлөө күнү жакындаган сайын абитуриенттердин көбү ЖРТга тез даярдануу ыкмаларын издей баштайт. Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок. Курстарда абитуриенттерди туура эмес багытта даярдап, жалпы республикалык тестирлөөгө эч кандай тиешеси жок тапшырмаларды беришкен учурлар болгон.

Ошол себептен Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар тест тууралуу маалыматты уюмдун сайтынан http://testing.kg/ru/ шилтемеси аркылуу алып, видеосабактарды көрүп, ошондой эле акысыз тесттен өтүүнү сунуштайт. Тестке катталууда абитуриентке тесттин бардык бөлүмдөрү боюнча кыска маалымат топтолгон акысыз китепче берилет.

Билим берүү жана окутуу методдорун баалоо борборундагылар ЖРТга даярдыктын чоң бөлүгү — бул өз алдынча иш, маңдай терин төктүргөн жана ырааттуу эмгек. Ошону менен бирге эле майнаптуу жыйынтык үчүн бир айлык “атайын даярдык” курсуна жазылып, өтүп коюу жетишсиз.

Раздача экзаменационного материала перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ушул тапта тестке даярдоо үчүн ар кандай курстар, тренингдер жана видеосабактар арбын. Анткен менен алар ЖРТ талаптарына туура келер-келбесине кепилдик жок

Тесттин эч бир бөлүмү көз жаздымда калбасын

Көптөгөн бүтүрүүчүлөр даярдык маалында тесттин кайсы бир бөлүгүнө басым жасайт. Мисалы, абитуриент өзүн математикада күчтүү деп санап, орус тили боюнча даярдана берет. Натыйжада өзү күчтүү эсептеген дал математикадан аксайт. Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел. Абитуриент негизги тестке катуу даярданып, бирок предметтик бөлүктөрүнө көңүл бөлбөй койгон учурлар да жок эмес. Айрым адистиктерге кабыл алууда жогорку окуу жайлар негизги жана предметтик тесттин жалпы баллын эсепке аларын унуткарбаңыз. Бирок канчалык көп предметтик тестти толтурсаңыз, окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот деген ойдон алыс болуңуз.

Абитуриенты перед началом общереспубликанского тестирования в Бишкеке в условиях пандемии COVID-19
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Артыкчылыктарды туура белгилеп алуу маанилүү: татаал бөлүктөрүнө жакшы даярданып, бирок башкаларын да унутта калтырбоо абзел

Жооп баракчасын толтурууну так билбестик

Тесттин өзүнө даярдыктан сырткары жооп баракчасын толтуруу боюнча да машыгып койгон оң. Бул сизге ишенимдүүлүк жана тестте баалуу убакытты үнөмдөөгө көмөкчү болот. Кымгуут жагдайда абитуриент апкаарып, баракты толтурууда ката кетирип алышы ыктымал.

Баракты толтуруунун үлгүсү “Жалпы республикалык тестирлөөгө даярданабыз” деген аталыштагы акысыз брошюрада камтылган.

Тестирлөөнүн администраторлору туура жоопту белгилөөнү көрсөтүп беришет, бирок муну эртерээк үйрөнүп алганыңыз дурус.

Белгилер:
кемчилик, даярдык, борбор, окуу жай, бүтүрүүчү, абитуриент, Жалпы республикалык тестирлөө
Тема боюнча
Батракеева: ЖРТга катталгандан кийин телефон номерди өзгөрткөнгө болбойт
Быйыл бүтүрүүчүлөр ЖРТга жаңы эреже менен катталат. Шарт-талабы
Кыргыз-Түрк Манас университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев

Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин экологиялык инженерия бөлүмүнүн профессору, техника илимдеринин доктору Канатбек Кожобаев экологияны коргоп кантип экономикага салым кошсо болорун айтып берди.
Кожобаев: экологияны коргоодо калдыксыз технологияны колдонуу зарыл

Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүү, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу — учурдун талабы. Мындай пикирин Канатбек Кожобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, экологиялык сабаттуулукту жогорулатууда алгач адамдардын аң-сезимин көтөрүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө маани берүү керек.

"Экологияны коргоодо жана экономиканы өнүктүрүүдө калдыксыз технологияга өтүш керек. Бул оңой эле ишке ашат. Адамдардын аң-сезимин өзгөртүү аркылуу экологиялык сабаттуулукту жогорулатуу зарыл. Желим баштык, бөтөлкө жана пластмасса буюмдарын кайра иштетүүгө, тамак-аш калдыктарын органикалык жер семирткичтерге алмаштыруу, биогаз чыгаруу — учурдун талабы. Мындай технологияны айыл жерлеринде көп колдонуш керек. Демилгени мамлекет колдоп берсе, жылыш жакшы болот эле. Элди ушундай пайдалуу ишке кызыктыруу зарыл", — деди Кожобаев.

Ошондой эле профессор экономика өнүккөн жерде экология зыянга учурап, бири-бирине каршы чыккан учурлар көп болорун кошумчалады.

Белгилер:
Канатбек Кожобаев, Технологиялар, экономика, экология
Тема боюнча
Донбаева: жайытты туура эмес пайдалануу тоолордун экосистемасын бузат