Министр Ирандык депуттардан кызылча вакциналары боюнча жардам сурады

© Sputnik / Табылды КадырбековМедицинская сестра осматривает больного
Медицинская сестра осматривает больного - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран тарап вакцина боюнча Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлигине жардам берүүгө убада кылды.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Иран депутаттары менен жолугушууда алардан кызылча менен кызмамыкка каршы эмдөөгө вакцина жагынан жардам берүүнү суранды. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

"Кыргызстан — Иран достугу" деп аталган депутаттык топтун жана анын жетекчиси Али Каеид менен жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо, фармация, эл аралык стандарттарга ылайык жаңы клиниканын курулушу, КРдеги ооруканалар үчүн медициналык жабдууларды алуу боюнча маселелер талкууланды. 

Иран тарап КР министринин сунуш-пикирлерин карап чыгып, вакцина алууга көмөк көрсөтөөрүн айтышты. 

Республикалык иммунопрофилактика борборунан бүгүн, 28-январга карата 3 378 адам кызылчага шектүү делсе, анын ичинен 497 адамдан лабараториялык текшерүүлөрдө оору аныкталгандыгын билдирди. Кызылча менен ооруп калгандардын саны Бишкек шаарында 231, Чүй аймагында 161 адам.

Жаңылыктар түрмөгү
0