Улицы города Бишкек

Психолог: агрессия менен эркектер өз көйгөйлөрүн жашырууга аракет кылат

723
(жаңыланган 09:42 30.01.2015)
"Күчтүү эркектер өз көйгөйлөрү менен бизге кайрылуудан коркушат. Эркектердин депрессиялык абалда болушу көпчүлүгү ажырашууга байланышкан", — деп белгилейт психолог Гүлсана Кангелдиева.

БИШКЕК, 30 янв — Sputnik. Бишкектин "Үй-бүлө жана эрдик" реабилитациялык борборунун жетекчиси Гүлсана Кангелдиева Sputnik кабарчысынын сайтына эркектердин борборго аз кайрылуусуна менталитет негизги себеп экендигин айтты. 

"Кыргызстанда эркектердин көйгөйлөрү боюнча статистика жана аларга байланыштуу изилдөөдөр жок, бирок ишенип коюңуз, андай көйгөйлөр көп. Эркектер катаал жагдайларда өз кайгылары менен өзү жалгыз калышат. Алардын көз карашына мурдатан калыптанып калган эркектин жашоодогу үстөмдүгү тууралуу пикир катуу таасир кылат", — деп баса белгиледи Кангелдиева.

Анын айтымында, эркектердин депрессиялык абалда болушу көпчүлүгү ажырашууга байланышкан. Эл арасында жубайлардын ажырашуусунан аял көбүрөөк жабыр тартат деп эсептелерине карабастан, эркектер да психологиялык катуу соккуга дуушар болот.

"Ажырашуудагы көйгөйлөр бир жагынан балдарга да байланыштуу. Аталык укугу бар экенине карабай, көп учурда эркектерге баланы тарбиялоо ишенип тапшырылбайт жана энелери аларды бала менен аз жолугуштурат", — деп улантты борбордун жетекчиси.

Кангелдиева аталган борбор ар түрдүү маселелер боюнча эркектерге жардам берерин айтты. Жаш жигиттердин да абдан курч көйгөйлөрү бар. Алсак, жыныстык патологиялары бар аскерге чакырууга жарактуу курактагы уландар психологиялык жардам издеп кайрылышат.

"Алардын сырдашып-кеңешер кишиси жок, мындай абалда эмне кылуу керектигин биле турган жер жок. Көпчүлүгү атасыз чоңойгондор. Деги эле бүгүнкү күндө атанын үй-бүлөдөгү орду бааланбай келет. Бул жагынан коом түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Мисалы, көпчүлүк жаш аталар өз балдары менен кандайча мамиле түзүүнү билбейт", — деп түшүндүрдү борбордун жетекчиси.

Эркектин психологиялык абалына анын социалдык орду чоң таасир этет деп белгиледи психолог. Ар кандай себептерден киреше булагын жоготуп койгон эркектер депрессияга кабылат. Канааттанбагандык, социалдык ээлген ордунун төмөндүгү жакындарына көрсөткөн агрессияга себеп болот.

"Биздин анкеталар берген маалыматтага караганда, көпчүлүк эркектер мындай жүрүм-турумду эч өрөөн көрбөйт. Зомбулук, агрессивдүү сөздөр менен алар өз көйгөйлөрүн жаап-жашырганга аракет кылышат. Маселени түшүнүү, көмүскөдө жаткан мүмкүнчүлүктөрдү ачып түшүндүрүп жана жандандыруу психологдор тараптан көйгөйдү чечүүдө жардам берет", — дейт Кангелдиева.

Зомбулук кыйын абалда калган үй-бүлөлөрдө эмес, колунда бар ишкерлердин үй-бүлөлөрүндө да болот деп баса белгиледи борбордун жетекчиси.

"Кеп тапкан акчанын санында эмес, ага карата болгон мамиледе. Депрессия суроо-талаптар канааттанбагандан болот. Ошон үчүн каржы маселесин токтоосуз чечүүнү талап кылуу бул билинбей отуруп акыры бир күнү каарын катуу тийгизе турган ката экенин эркектин жакындары түшүнүшү керек. Кеңешип иш кылуу менен гана мындай көйгөйлөрдөн оолак боло аласың", — деп кошумчалады психолог.

Эркектерге катаал турмуштук жагдайларда жардам көрсөтүү боюнча кризистик борборлор Бишкекте жаан Ысык-Көл областында мамлекеттик тапшырыктын алкагында бюджеттик каражаттардын эсебинен ачылган.

723
Белгилер:
эркек, бала, кааталчылык, зомбулук, психолог, Гүлсана Кангелдиева
Тема:
Балдарга жасалган зордук-зомбулук (42)
Тема боюнча
Министр: зомбулук көйгөйүн чечүүдө эркектерге жардам берүү зарыл

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

237
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

237
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив

КП парламенттик шайлоонун узартылышы боюнча өз чечимин түшүндүрдү

25
(жаңыланган 23:21 02.12.2020)
КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн узартылышын эмне үчүн мыйзамдуу деп тапканын түшүндүрдү.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Маалыматка караганда, мамлекет кандайдыр бир өзгөчө абалга кабылбайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес. Андыктан мындай кырдаал жаралганда айрым мыйзамдарды шашылыш түрдө кабыл алып, пайдаланса болот.

“Өлкөнүн ошол кезде масштабдуу социалдык-саясий кризисте турганын тана албайбыз. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин өзгөчө абал учурунда шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга жана башка маанилүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар болчу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш саясий кризистен, социалдык чыңалуудан чыгуу үчүн, ошондой эле бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн кармап туруу үчүн ар кандай чечим кабыл алса болору кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

25
Белгилер:
шайлоо, чечим, Жогорку Кеңеш, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди