Атамбаев менен Путин саясый, соода-экономикалык маселелерди талкуулашты

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрезидент России Владимир Путин и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев
Президент России Владимир Путин и президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевдин Сочи шаарына болгон иш сапарында ал Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугуп, мамлекеттер ортосундагы саясый, соода-экономикалык маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев Владимир Путин менен Сочиде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Алмазбек Атамбаев Россиянын Сочи шаарына жасаган иш сапары учурунда ишемби күнү Владимир Путин менен жолугушту. Жолугушуу формалдуу эмес түрдө өткөнүн президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки мамлекет ортосундагы саясый, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташуунун маселелери талкууланды. Президенттер көп пландуу кыргыз-россиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанисин белгилешти.

Жолугушуудан соң мамлекет башчылары Сочи шаарында ХXII Олимпиадалык кышкы оюндардын жана ХI Паралимпиадалык кышкы оюндардын ачылыш күнүнүн бир жылдыгына арналган "Оюндардан кийин бир жыл" аттуу муз үстүндөгү майрамдык шоуго барышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0