Президент Атамбаев афганчы-жоокерлерди куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев. Архивное фото.
Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев. Архивное фото. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктап, кайтпай калгандардын жакындарына көңүл айтты.

БИШКЕК, 14-фев – Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Афганистандан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 26 жылдыгы менен куттуктап, кыргызстандыктар мекен алдындагы кызматын аткаргандарга таазим этерин айтты.

1989-жылдын 15-февралында афган-советтик чек арасын акыркы аскер колоннасы кесип өтүп, Афганистандан советтик аскерлерди чыгарып кетүү иши аяктаган. Алардын арасында интернационалдык милдетин аткарган миңдеген кыргызстандыктар болгон. 

Атамбаев афганчыларды куттуктап, алардын каармандыгын белгилеген. 

 "Бүгүн биз жоокерлерге жана сержанттарга, офицерлерге жана дарыгерлерге, кайраттуулук, каармандык менен аскердик милдетин татыктуу аткарган бардык мекендештерибизге терең урмат көрсөтөбүз. Өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы милдетин аткаргандарга таазим этебиз", — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы ошол согуштан кайтпай калгандардын жакындарынын кайгысын бөлүшөөрүн айтты.

"Ошол согуштан кайтпай калгандардын үй-бүлөлөрү, туугандары жана жакындары менен оор жоготуусун тең бөлүшөбүз. Каарман мекендештерибиздин элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", — деп айткан президент.

Атамбаев жоокер-афганчылардын кыргызстандагы болгон ар кыл окуяларда, өзгөрүүлөрдө жардамын да белгилеген.

"Өткөн жылдарда — эркиндикке жана эгемендикке умтулган жылдары биз — Кыргызстан эли көптөгөн сыноолордон өтүп, тынчтыктын жана туруктуулуктун чыныгы баасын билдик. Эл аралык терроризм, сепаратизм жана үй-бүлөлүк-кландык башкаруу канчалык коркунучтуу экендигин өз башыбыздан өткөрдүк. Мекенибиздин башына мүшкүл иш түшкөн жооптуу учурларда жоокер-афганчылар биринчи болуп жардамга келип жатышты", — деп белгилеген мамлекет башчысы.

Президент алардын Куралдуу күчтөргө, укук коргоо органдарына, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын ишине керектигин, алардын каармандыгы Мекенге кызмат кылуунун жана аскердик антты бек сактоонун мыкты үлгүсү катары караларын кошумчалаган.

Sputnik маалымат сайтына Кыргызстандагы Афганчы ветеран жоокерлердин Кеңешинен Афган согушунда советтик армия 14 427 жоокерин жоготкондугун билдирди. Алардын маалыматында, Кыргызстандан 7142 жоокер жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 249у согушта каза тапкан. 585 жоокер ар кандай деңгээлдеги оор жаракаттарды алып, майып болуп кайтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0