Кыргызстан менен Татарстан президенттери эки тараптуу кызматташууну талкуулады

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев встретился с Президентом Татарстана Рустамом Миннихановым
Президент Алмазбек Атамбаев встретился с Президентом Татарстана Рустамом Миннихановым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин президенттери Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы маданий-тарыхый байланыштарды жана эки тараптуу кызматташуунун пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, КРдин ЕАЭБге кошулуусу түрдүү тармактарда өлкөлөр аралык байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кеңири жол ачаарына ишенимин билдирди.

Бишкек, 4-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү президент Алмазбек Атамбаев өлкөгө жумушчу иш сапар менен келген Россия Федерациясынын Татарстандын президенти Рустам Минниханов менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташуунун мындан аркы келечеги талкууланды.

Мамлекеттин башчысы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы маданий-тарыхий байланыштарды жана кыргыз-татарстандык кызматташуунун пайдаланылбаган мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп келип, Кыргызстандын Евразия экономикалык союзга кошулуусу түрдүү тармактарда эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө кеңири жол ачаарына ишенимин билдирди.

Атамбаев Кыргызстан башкы стратегиялык өнөктөшү Россия менен, анын ичинде субьектилери менен карым-катнашты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берээрин айтты. Буга байланыштуу мамлекет башчысы бул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-татарстандык бизнес-форумдун маанисин баса белгиледи. 

Өз кезегинде Татарстандын президенти кыргыз-татарстандык байланыштарды күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи. 

"Акыры кереметтүү, берекелүү ушул жерге келгенибизге абдан кубанычтабыз. Чындыгында биз азыр эле көптөгөн биргелешкен кызыкчылыктарды таап жатабыз", — деди ал.

Жолугушууга ошондой эле Россиянын Бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов, РФтин тышкы иштер министринин статс-катчысыГригорий Карасин, Татарстандын премьер-министринин орун басары-өнөр жай жана соода министри Равиль Зарипов, ТРдин Туризм боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Сергей Иванов жана «КамАЗ» ААКтын башкы директору Сергей Когогин дагы катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0