Бишкекке таштанды тазалаган дагы 30 автоунаа келет

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүМусорный полигон. Архив
Мусорный полигон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын долбоорунун биринчи этабынын алкагында "Тазалык" мамлекеттик ишканасына таштанды салган европалык стандарттагы 5 миң контейнер жана таштанды тазалаган 30 даана техника келмекчи.

БИШКЕК, 10-мар — Sputnik. Борбор шаарга таштанды тазалаган 30 автоунаа келет деп билдирди Бишкек шаарынын башчысы Кубанычбек Кулматов шейшембиде өткөн маалымат жыйында. 

Анын айтымында, шаар тазалаш үчүн "Тазалыктын" 225 техникасынын ичинен күнүгө 60-70ке чукулу чыгат. 

"Тазалык" иштебей жатат деп айтканга болбойт, бирок, материалдык-техникалык базасы начар. Таштанды тазалаган автоунаалардын ар биринин иштөө графиги бар, бирок, элдин саны өсүп жатат. Андыктан, Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын долбоору менен европалык стандарттагы 5 миң контейнер жана таштанды тазалаган 30 даана техника алып келүү пландалууда", — деп айтты шаар башчысы. 

Серепчи: борбордун таштандыларды чыгаруу системасы чоң өзгөртүүлөрдү талап кылат
Таштанды салгычтардын эскилери жаңы конуштарга коюлмакчы. 

Кулматов чогултулган таштандынын 65 пайызын кайра иштетүүгө боло тургандыгын айтты. 

2014-жылдын январь айында борбордук мэрия Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы менен "Бишкек шаарындагы таштандыларды жөнгө салуу системасын жакшыртуу" долбоору боюнча макулдашууга кол койгон. 

Макулдашууга ылайык, мэриянын маалымат кызматы Европалык реконструкция жана өнүгүү банкынын долбоорунун башкы максаты жаңы конуштардын жана борборго жакын жайгашкан айылдардын санитардык-эпидемиологиялык абалын жакшыртуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0