Кумтөр боюнча өкмөттүн жаңы сунушун эми көпчүлүк коалиция карай турган болду

© пресс-служба ЖК КРПарламент "Кумтөр" маселеси боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, ал эми премьер-министр Оторбаевдин жаңы вариантын көпчүлүк коалицияда карай турган болду.
Парламент Кумтөр маселеси боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, ал эми премьер-министр Оторбаевдин жаңы вариантын көпчүлүк коалицияда карай турган болду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент "Кумтөр" маселеси боюнча өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, ал эми премьер-министр Оторбаевдин жаңы вариантын көпчүлүк коалицияда карай турган болду.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" маселеси боюнча токтомдордун аткарылышы туурасында өкмөттүн маалыматын угуп жана бул боюнча комитеттин чечими менен канааттандырарлык эмес деп тапты. Ал эми "Кумтөр" боюнча өкмөттүн жаңы сунушу парламенттеги көпчүлүк коалициясында жакынкы күндөрү каралмай болду.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков парламенттин жыйынындагы өкмөт башчысынын бүгүнкү позициясына ыраазы болгондугун жана анын чечимин коалициялык көпчүлүк карай турганын айтты.

"Чечимди коалициялык көпчүлүктө талдайлы. "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" фракциялары да кийинки жумага убакыт сурап жатышат. Сиздин (Жоомарт Оторбаев – ред.) жоопкерчиликти өз мойнуңузга алган эрдигиңиз, бардык нерсени ачык айтканыңыз көптөргө жагып жатат. Бул сиз үчүн чоң плюс болду", — деди Турсунбеков. 

Премьер: Акционерлер Центерранын менеджменти иштебейт деп эсептешет
Өкмөт башчысынын бүгүнкү жыйындагы Центерранын директорлор кеңеши менен менеджментин алмаштыруу вариантын сунуштап, депутаттардын алдында позициясында бекем турду. Алардын суроолоруна тажабай жана сабырдуулук менен жарым күн жооп берген Жоомарт Оторбаев Кумтөр боюнча бул чечимди жүзөгө ашыруу үчүн парламенттин ага шанс берүүсүн, иштин жоопкерчилиги менен кепилдигин жеке өзүнүн мойнуна аларын бир нече жолу кайталады. Ал эми аны менен кошо келген министрлер кабинетинин, тиешелүү ишканалардын өкүлдөрү Оторбаевдин бул кадамын толук колдой турганын көрсөтө алышкан жок. 

"Жогорку Кеңештин максаты — багыттап жол көрсөтүп беришибиз керек. Жоомарт Кайыпович, мындай маселени ишенимдүү командасы болбосо, эч ким чече албайт. Бүгүн көрдүңүз, өзүңүздүн карамагыңыздагы адамдар, мамлекеттик кызмат адамдары башка нерсени айтып жатат. Командалык чечим болушу керек", — деди ЖК спикери Асылбек Жээнбеков жыйынтык сөзүндө.

Буга чейин 26-февралда парламентте "Кумтөр" долбооруна байланыштуу токтомдорунун аткарылышы тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматы угулуп, анда КР өкмөтүнө "Centerra Gold Inc." компаниясы менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, "Кумтөр" кенин иштете турган биргелешкен ишкана түзүү же аны улутташтыруу боюнча сунуш менен келүүгө кошумча убакыт берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0