ШКУнун катчылыгынын имаратында Бишкек жыйындар залы ачылды

ШКУнун катчылыгынын имаратында "Бишкек" жыйындар залы ачылды

35
(жаңыланган 17:05 14.04.2015)
"Бишкек" жыйындар залынын жасалгасынын долбоору Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев менен Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Динара Чочунбаева тарабынан иштелип чыккан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Пекиндеги катчылыгынын имаратында "Бишкек" жыйындар залы ачылганын Кытайга жумушчу сапары менен барып келген Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

"Бишкек" жыйындар залынын жасалгалоо долбоорун Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев менен Маданияттын эмгек сиңирген ишмери Динара Чочунбаева иштеп чыккан.

"Залдын жасалгаланышында кыргыздардын жашоо маданияты менен тарыхы, алардын келечекке болгон умтулуусу, башка элдер менен болгон достугу, эркиндикке умтулуусу чагылдырылган", — дейт Кулукеева.

Жаңы залдын ачылышына ШКУнун башкы катчысы Дмитрий Мезенцев, ШКУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

35
Белгилер:
ШКУ, Динара Чочунбаева, Айымкан Кулукеева, Юристанбек Шыгаев, Пекин
Тема боюнча
Путин: ШКУнун аброю көтөрүлүүдө
Бирдиктүү салык декларациясы. Архив

Мурдагы жылдыкын да кошууга болот. Салык декларациясын тапшыруу башталды

24
(жаңыланган 12:22 18.01.2021)
Салык кызматы 2019-жылдагы декларациясын толтурууга жетишпей калгандар эки жылдыкын дароо бир учурда тапшырып койсо болорун эскертти.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампаниясын баштады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Декларациялык кезектеги кампаниянын эки этапта өтөрү айтылды.

"1-мартка чейин – юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке тараптар өткөн жылы тапкан кирешелери, жер тилкелери, мүлктөрү, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчёт берүүлөрү керек", — деп айтылган маалыматта.

1-мартка чейин Бирдиктүү салык декларациясын кыргызстандык уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен өлкө аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү, жер тилкелери (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

"Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, 2020-жылдын 1-апрелине чейин 2019-жыл үчүн салык декларациясын тапшырууга жетишпей калган жеке жактар жана жеке ишкерлер 2021-жылдын 1-апрелине чейин – 2019 жана 2020-жыл үчүн эки декларация тапшыра алышат", – деп айтылган маалыматта.

Салык кызматы декларация боюнча толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун кабарлады.

24
Белгилер:
мыйзам, бирдиктүү салык декларациясы, Кыргызстан
Тема боюнча
Мүлкүн ачыктагандарга кол тийбестик макамын берүү мыйзамы күчүнө кирди
 Борбор калаадагы Ынтымак-2 жаңы паркында этникалык стилде жасалгаланган арт-объект пайда болот

Бишкекте этникалык стилде арт-объект пайда болот. Сүрөтү

26
(жаңыланган 12:17 18.01.2021)
"Ынтымак-2" жаңы паркынын курулушу али бүтө элек. Ал жакта амфитеатр да салына турганы айтылды.

БИШКЕК, 18-янв. – Sputnik. Борбор калаадагы "Ынтымак-2" жаңы паркында этникалык стилде жасалгаланган арт-объект пайда болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

  • В Бишкеке создают арт-объект в этническом стиле, он появится в новом парке Ынтымак-2
    Борбор калаадагы "Ынтымак-2" жаңы паркында этникалык стилде жасалгаланган арт-объект пайда болот
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • В Бишкеке создают арт-объект в этническом стиле, он появится в новом парке Ынтымак-2
    "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын адистери театрда орундуктар үчүн темир конструкцияларын коюшкан
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаадагы "Ынтымак-2" жаңы паркында этникалык стилде жасалгаланган арт-объект пайда болот

Белгилей кетсек, жаңы парктын курулушу али бүтө элек. Ал жакта амфитеатр да салына турганы айтылды.

"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын адистери театрда орундуктар үчүн темир конструкцияларын коюшкан. Учурда паркта фонтан жасоо боюнча иштер жүрүп жатканы маалым болду.

Мындан сырткары, кыргыздын улуттук музыкалык аспабы болгон комуздун беш метрлик темир конструкциясы дагы даярдалган.

В Бишкеке создают арт-объект в этническом стиле, он появится в новом парке Ынтымак-2
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Учурда паркта фонтан жасоо боюнча иштер жүрүп жатканы маалым болду

Жаңы парк Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги (Түштүк магистраль) "Ынтымак" паркынын уландысы болушу керек. Анын жалпы аянты 8,4 гектарды түзөт.

26
Белгилер:
амфитеатр, парк, Бишкек
Тема боюнча
Балбак Түлөбаев Ак-Өргөнүн 5 гектар жерине парк салына турганын айтты
Бишкек троллейбус башкармалыгы ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров

Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

0
(жаңыланган 12:18 18.01.2021)
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасынын жетекчиси Талантбек Капаров мекемеде эскилиги жеткен 27 троллейбус бар экенин айтты.
Капаров: бир троллейбусту толук ремонттон өткөрүүгө 150 миң сомдой керек

2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.

"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.

Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.

0
Белгилер:
маршрутка, троллейбус, транспорт
Тема боюнча
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканасына жаңы жетекчи дайындалды