Ош облусунун дагы үч жараны Хизб ут-тахрир уюмунан баш тартты

© AFP / MOHAMMED ABEDХизб ут-Тахрир. Архив
Хизб ут-Тахрир. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Араван районунун үч тургуну экстремисттик уюмдун катарынан чыкканын эл алдында билдиришти.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ош облусунун Араван районунун 40, 50 жана 41 жаштагы үч тургуну экстремисттик Хизб ут-тахрир уюмунун катарынан чыкканын эл алдында билдирген жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлайт.

Хизб ут-тахрир уюмунан баш тарткандардын саны арбууда
Маалыматка ылайык, 13-апрелде Ош облусунун Араван районунда экстремисттик, террордук уюмдардын ишмердигине тыюу салуу жана алардын алдын алуу боюнча жергиликтүү тургундардын, өзүн-өзү башкаруу, муфтият жана ЖМКлардын катышуусунда атайын иш-чара болду. Анда радикалдык уюмдардын таасирине кабылбоо жана жаштардын Сирияга кетип жатышынын алдын алуу маселелери талкууланды.

Жолугушуу маалында аталган райондун үч жараны Хизб ут-тахрир уюмунун катарынан чыкканын эл алдында билдиришкен.

УКМК эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Жыл башына алынган маалыматка Караганда, Ош шаары боюнча Хизб ут-тахрир экстремисттик уюмунун 190го, ал эми облус боюнча 5000ге чукул мүчөсү бар экени аныкталган. Ал эми анын аялдар канатында расмий маалыматтар боюнча 69 кыз-келин бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0