"Карышкыр" эркиндикке чыкты

Жазылуу
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы Мурсалим Өмүрзаков жаза өтөө мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу эркиндикке чыгарын айтты.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Криминалдык чөйрөдө "Карышкыр" деген каймана ат менен белгилүү болгон Мурсалим Өмүрзаков түрмөдөн бошотулат деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы.

Маалыматтарга караганда, соттолгон Өмүрзаков жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жума күнү эркиндикке чыгып жатат.

2010-жылы Бишкектин Ленин райондук соту Өмүрзаковду Кылмыш жаза кодексинин 164–беренесинин 4-бөлүгү боюнча күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө жаза өтөөгө кескен. 

Таратылган маалыматта, 2012-жылдын декабрь айында ал мөөнөтүнөн 1 жыл беш ай эрте шарттуу бошонууга которулуп, жашаган жери боюнча Жазык аткаруу инспекциясына жөнөтүлгөн. 

"2013-жылдын май айында Жазык аткаруу инспекциясына келбегендиги үчүн Өмүрзаковго издөө салынып, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу токтому жокко чыгарылган", — деп айтылат таратылган билдирүүдө.

Ал 2013-жылдын ноябрь айында кармалып, издөөдө жүргөндөгү мезгилин кошо өтөө үчүн Мамлекеттик жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын Нарын шаарындагы №24-мекемесинине которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0