Кумар оюндарына тыюу салуу букмекерлерди көмүскө иштөөгө түртөт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүБолельщики делают ставки в киосках букмекерской компании
Болельщики делают ставки в киосках букмекерской компании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виртуалдык мейкиндикте кумар оюндарынын популярдуулугу жана алардын жаштарга тийгизген терс таасири бийликти казино, букмекердик конторалар жана тотализаторлордун ишмердигине мыйзам аркылуу тыюу салууга мажбур кылган.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Азыр Кыргызстанда оюн жайларын, атап айтканда, букмекердик конторалар менен тотализаторду уюштурууга мыйзам тарабынан жаза каралган. 29-апрелде күчүнө кире турган жаңы эрежелерде оюн жайларынын онлайн ишмердигине да тыюу салынат.

Букмекердик кеңселер менен тотализаторлордун ишмердүүлүгүнө тыюу салынды
Мурдараак мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Төрөбай Зулпукаров Sputnik сайтына берген маегинде мыйзамга өзгөртүүлөрдүн кириши социалдык көйгөйлөрдү, коомдогу чыр-чатактарды чечүүгө, кылмыштуулук деңгээлин төмөндөтүүгө, эң башкысы, жаштарды кумар оюндарына берилип кетүүдөн коргоого салым кошо турганын баса белгилеген.

Кумарчыларга каршы күрөштө мындай чаранын натыйжалуулугу жөнүндө эл арасында талаш-тартыштар басылбай келет.

Бул маселеге түшүндүрмө берген Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы мыйзам күчүнө кирмейинче анын натыйжалуулугу тууралуу кеп кылуу эрте экендигин белгилешти. Мамлекеттик орган тарабынан, жаңы норманы аткаруу үчүн бардык аракеттер көрүлөт, анын ичинде онлайн-казинолорду, букмекерлерди жана лотереяларды жабуу боюнча бардык тийиштүү чаралар жасалат.

"Өлкөдө интернет-банкингдин жакшы өнүкпөгөндүгү жана байге саюу электрондук түрдө гана болгондуктан, мыйзам оюнчулардын 90 пайызына бөгөт коёт. Уюлдук жабдуулар жакшы өнүккөндүгүнө карабай, телефон аркылуу онлайн-оюнуна чыгуу да мүмкүн эмес. Себеби корогон акчаны кайтарып же утушту накталай акча түрүндө алуу мүмкүн эмес", — деп түшүндүрүштү аталган кызматтан.

Кумарканаларды уюштургандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жана оюн жайларын жабуу көйгөйдү чечпейт. Тыюу салууга дуушар болгон расмий ишкердик оңой эле көмүскөдө кирип кетет. Буга чейин ойноп келген кишилер, рахат алуунун башка альтернативдик жолун табат. Маалымат технологиясы өнүккөн кылымда бул көйгөй деле жаратпай турганын онлайн оюндарын ойноодо тажрыйбалуу болуп калган Максим аттуу оюнчу билдирди 

"Мыйзам деңгээлинде тыюу салуу— абдан күчтүү курал. Каалашса, тармактык оюндардын баарын бууп салууга саясий эрк жетиштүү болот. Мындай учурда мамлекет казына эмес, өз жарандары туурасында ойлонушу керек", — дейт шаардагы окуу жайлардын бириндеги юридикалык факультеттин студенти Артур.

Жергиликтүү интернет-форумдардын биринде букмекердик контораларды жабуу темасы кенен талкууга алынды. Сайтка киргендер тыюу салуу кайсы күнү кире турганына, мыйзамды айланып өтүү ыкмаларына кызыкса, айрымдары ири букмекердик контораларды калтырууну сунушташкан.

Талкуунун активдүү катышуучуларынын бирөөсү мындай деп жазат. Комментарийге караганда ал букмекердик конторанын өкүлү сыяктуу:

"Башкысы — мыйзамды айланып өтүүгө жылчык табуу эмес… биздин өлкөдө каалагандай жылчык тапсаң болот … Башкысы — бүтүндөй тармак ачык айкын иштеп, салык төлөгүсү келет жана муну жасаганга мүмкүндүгү бар. Биз салыктарды эки-үч эсе көтөрүү демилгеси менен чыкпадык беле! Бул чара шаарда букмекердик контораларды азайтып, бирок салыктан түшчү акчаны жылына 200 миллион сомго жеткирмек! Иш жүзүндө баары баягы эле кейпинде болуп калат… Баарын көмүскө иш кылууга түртүп, бюджетти акчадан куру калтырып, анан кыйраткансып басып калышат… Коррупционерлер болсо эмитен эле алакандарын сүртүп, канча пара алып, канча берсек деп эсептеп жатышат. Өлкөнүн көргөн күнү ушул. Бул эң айкын жана жакшы мисал!".

Форумга киргендердин бири букмекерлерге мындай суроо берет: "Жок дегенде Интернетте каласыңарбы деги? Жооп бергилечи".

Мыйзамдагы жылчыктар жөнүндө жазган адам (интернеттеги каймана аты "бир") минтип жооп жазыптыр: "…Бул галактикалар аралык букмекердик контора, ал Кыргызстанга жана анын мыйзамдарына гана баш ийбейт. Ошондуктан кандай шарт болбосун, кандай мыйзам чыкпасын, Интернетте баары мурдагы эле тартибинде иштей берет".

"Букмекердик ишке тыюу салуудан биздин интернет-оюнчуларыбыз жабыр тартпашы үчүн биз (болгон аракетибизди жасайбыз мыйзам чегинде)", — деп жазат дагы бир форумдун катышуучусу.

Бул маселе боюнча IT-адистер да кайчы пикирге келишти: бири Интернетте онлайн-оюндары менен лотерея түйүндөрүнө тыюу салса болот десе, экинчилери мындай чара көрүү мүмкүн эместигин айтат.

Сайттардын даректерин бир тизмеге топтоп, бардык серверлерди жаап коюу толук мүмкүн дейт Руслан, Бишкектин дизайн-студияларынын биринде IT-адиси.

Ушул эле тармакта иштөөчү Максат болсо түйүндө кумар оюндарын уюштуруучуларга чыгуу өтө татаал деп эсептейт. Эгер сервер республиканын аймагында жайгашса, аны жаап койсо болот, бирок өлкөдөн сырткары турганды анте албайсың деген оюн айтты ал.

Алмазбек Атамбаев 11-апрелде оюн ишмердигине, ошондой эле оюн сунуштоочу жайларды, анын ичинде букмекердик конторалар менен тотализаторлорду уюштуруп жана кармоого тыюу салуучу мыйзамга кол койгон эле. Аталган мыйзамды депутаттар тобу жана өкмөт демилгелеген. Ошентип, өлкөдө кумар оюндарынын бардык кенен тараган түрлөрүнө тыюу салынды. 2012-жылдын башынан тартып мындай чаралар казинолор менен оюн автоматтарына карата да көрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0