Бишкек шаарында Жеңиш майрамынын урматына боло турчу иш чаранын планы

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүЖеңиш майрамы. Архив
Жеңиш майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Жеңиштин урматына борбор калаанын парктарында жана аянттарында шаар мэриясы түрдүү майрамдын иш чараларды өткөрөт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Улуу Жеңиштин урматына Бишкек шаардык мэриясы жыйырмага жакын майрамдык иш-чараларды өткөрүүнү пландап жатат. Анын ичинде жеңил атлеттердин жарышы, парад жана фестивалдар бар экенин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Тажикстанда Жеңиш парады Кыргызстандагыдай 7-майга жылдырылды
Майрамдык иш чаралар 9-майга чейин эле башталат. 27-апрелде мектеп лидерлеринин слету өтөт. Алар "Өлбөс-өчпөс полк" акциясына катышат.

6-майда Даир Асанов атындагы гүл багында Ленин блокадасында курман болгондор эскерилет. 7-майда борбордук Ала-Тоо аянтында аскердик парад болот. Ошондой эле Бишкек шаарынын 11-кварталындагы белгисиз аскердин көрүстөнүндө митинг-реквием уюштурулат.

Шаардык муниципалитет 9-майда Жеңиш аянтында эскерүү митингги боло турганын эскертет. Ошондой эле, бул күнү шаардын ар бир райондорунда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган майрамдык иш чаралар өтөөрүн билдирди.

Шаардыктар үчүн салтка айланган Жеңиш салюту уюштурулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0