Алмаз Раимкулов: Мэйвезер менен Пакьяонун реваншын бүт дүйнө күтүүдө

© REUTERS / Steve MarcusФлойд Мэйвезер менен Мэнни Пакьяо. Архив
Флойд Мэйвезер менен Мэнни Пакьяо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү кыргыз мушкери Алмазбек Раимкулов (Diamond) Мэйвезер менен Пакьяонун ортосунда реванш болсо, бокс сүйүүчүлөрүн мурдагыдан кызыктуу таймаш күтүп турат дейт.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Жекшембиде америкалык Флойд Мэйвезер менен филиппиндик Мэнни Пакьяонун ортосунда болгон "кылым таймашы" улантылышы толук мүмкүндүгүн кыргыз мушкери, Diamond каймана аты менен белгилүү болгон Алмазбек Раимкулов билдирди.

Бокс боюнча эл аралык турнирде КР беш алтын медаль утуп алды
2-майда (Бишкек убактысы боюнча 3-майда) Лас-Вегаста профессионал бокстун тарыхындагы эң кымбат таймаш болуп, анда өмүрүндө бир да утулуп көрбөгөн Мэйвезер (кичүүсү) жеңип чыкты. Пакьяо ушуну менен өз өмүрүндө алтынчы жолу утулушу. Эки мушкерди тең спорт журналдары алардын салмагына карабай, дүйнөнүн мыкты мушкерлери аташкан. Жекшембидеги кармаш 67,5 килограмм салмактагы категория боюнча өттү. 

Узак убакыт бою АКШда профессионал бокс боюнча рингге чыгып жүргөн Раимкулов Sputnik кабарчысы менен маегинде бул таймаш саясатсыз өтпөй турганын мурдатан билгенин айтты. 

"Эгер нокаут болбосо, биринчи матчты упайлар боюнча Мэйвезерге беришерин мен мурдатан эле айткам. Себеби ал америкалык жана азырынча ал бир да жолу утулуп көргөн эмес. Бирок реванш берилет деген шарт коюлган. Албетте анда да ага жакшы акча кошуп берип, экинчи матчта жеңишти Пакьяого ыйгарышары мүмкүн", — деп ой бөлүштү Раимкулов. 

Профессионал бокс – бул миллиарддаган АКШ доллары "айланып турчу" чоң бизнес экенин ал белгиледи. 

"Бул таймашта титулду Мэйвезер алса, элдин жүрөгүн ээлеген Пакьяо болду. Эң кызыгы эми болуп жатат. Элдер реваншты талап кылууда", — деди спортсмен. 

Эгер реванш болсо, бокс сүйүүчүлөрүн олуттуу таймаш күтүп жатканын да кошумчалады.

Кыргыз мушкери Пакьяону адам катары Мэйвезерден көбүрөөк жактыра тургандыгын, анткени алар менен тааныш, ал тургай, экөө менен тең спаррингде кармашкандыгын белгиледи. 

Таймашты россиялык Биринчи каналдан көрсөтүп жатканда комментатор Владимир Гендлин, белгилегендей, таймаштын жыйынтыгы ал башталардан мурун эле чечилген болчу. Анын айтымында, Пакьяо көпчүлүк күйөрмандарынын үмүтүн актаган жок. Себеби америкалыкка оюндун жүрүшүндө талап кылынган кысым көрсөтүүнүн ордуна аралыктан утушка жетүүгө аракет жасады. 

Мейвезер WBA, WBC жана WBO версиялары боюнча чемпиондук наамга ээ болуп, бүгүнкү күндө салмактык категорияга карабай дүйнөнүн мыкты мушкери экенин далилдеди. 

Америкалык филиппиндикке реванш берер-бербеси азырынча белгисиз. Мурдараак Мейвезердин машыктыруучусу жана байкеси Рожер Мейвезер эч кандай реванш болушу мүмкүн эместигин айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0