Япониядагы ысыктан бир аптада 780 адам ооруканага түштү

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФонтандын алдында отурган бала. Токио шаары. Архив
Фонтандын алдында отурган бала. Токио шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысыкты көтөрө албай ооруканага түшкөндөр негизинен Токио, Осака ири шаарларынын жана Саитама, Хёго, Аити префектураларынын жашоочулары болуп жатат. Мээ кайнаткан ысык Япониянын кээ бир аймактарында ылдыйлап, эми нөшөрлөгөн жамгырга алмашууда.

БИШКЕК, 16-июнь — Sputnik. Япониянын бир катар жерлериндеги ысыктан бир апта ичинде 780 адам ооруканага түштү. Өрткө каршы кызматтын башкармалыгы 8-14-июнь аралыгындагы маалыматты берди. Ысыкты көтөрө албай ооруканага түшкөндөр негизинен Токио, Осака ири шаарларынын жана Саитама, Хёго, Аити жана дагы бир нече префектураларынын жашоочулары болуп жатат. Мээ кайнаткан ысык Япониянын кээ бир аймактарында ылдыйлап, эми нөшөрлөгөн жамгырга алмашууда. 

Өлкөнүн башкы метеорологиялык агенттигинин айтымында, Япониянын түштүгүндөгү жаан-чачындын жаашы саатына 50 миллиметрге жетмекчи. Бир катар префектураларда жер көчкү жүрүп, суу капташы күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0