ЕБ Крым менен Севастопольго каршы санкцияларды бир жылга узартты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСевастополь шаары. Архив
Севастополь шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕБге мүчө мамлекеттердин экономика жана каржы министрлик башчылары Крым менен Севастопольго каршы санкцияларды бир жылга узартуу чечимин кабыл алышты. Маалыматтарга караганда, иш-чараларды жарыялоо шаршембиге белгиленген.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Европа биримдиги Крым менен Севастопольго каршы санкцияларды бир жылга узартуу менен биримдикке мүчө мамлекеттердин экономика жана каржы министрлик башчыларынын чечимин жактырганын РИА Новости Европа түзүмдөрүндөгү маалымат булагына таянуу менен билдирет.

Министрлер жума күнкү отурумда Крым менен Севастопольго каршы санкцияларды бир жылга узартуу жөнүндө ЕБ кеңешинин чечимин эч талкуусуз кабыл алышы керек болчу.

"Пункт жактырылды", — деп агенттиктин өзүн атагысы келбеген маалымат булагы айтып берген.

Путин: РФ Батыштын санкцияларына жооп катары ишкердик үчүн эркиндикти кеңейтүүдө
Европалык дагы бир дипломаттын билдирүүсү боюнча, чаралар шаршембиде Европа биримдигинин Расмий журналына чыгары күтүлүүдө.

Россиялык саясатчылар менен ишкерлерге каршы санкциялар кантип киргизилген

Россиянын Украина боюнча көз караштарына байланыштуу Батыш өлкөлөрү 2014-жылдын мартынан тарта бир нече жолу санкцияларды киргизишкен. Акыркы жолу мындай чара 2015-жылдын мартында АКШ өзүнүн санкциялык тизмесин кеңейткенде көрүлгөн. Андан тышкары, Бавариядагы "Чоң жетилик" саммитинин жыйынтыктары боюнча Россияга каршы санкцияларды узартуу чечими кабыл алынып, АКШ дагы жаңыларын киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0