ИИБ: Ала-Букадагы жол кырсыгы бүтүрүү кечесине байланышы жок

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынан үч киши каза болуп, айдоочу менен чогуу алты киши аймактык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 23-июнь — Sputnik. Ала-Бука районунда катталган жол кырсыгы бүтүрүү кечеси менен байлынышы жок экенин Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматынын ага инспектору Нурдин Жээнтаев Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Темир Сариев мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн өмүрүн алган жол кырсыгын териштирүүнү тапшырды
Анын айтымында, дүйшөмбү күнү саат 19-00дө Ала-Бука районунун борборуна барчу жолдо жол кырсыгы катталган. Honda Odissey автомашинасын айдап бараткан айдоочу рулду башкара албай, жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен үч киши каза болуп, айдоочу менен алты киши жабыркап, райондук ооруканага жеткирилген.

Жээнтаев райондук билим берүү бөлүмүнө таянуу менен билдиргендей, бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды тапшыруу дүйшөмбү күнү саат 10.00 болгон. 

"Автомашинада эки бүтүрүүчү болгон. Калгандары студенттер болчу. Алардын жаш курагы да 18ден 24 жашка чейин. Бул жол кырсыгы бүтүрүүчүлөр менен байланыштуу эмес", — деди ал.

Аталган жол кырсыгын иликтөөнү премьер-министр тийиштүү органдарга тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0