Лариса Вон: Түндүк Кореяны калган дүйнө менен элдештирүү — Россиянын миссиясы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын желеги. Архив
Түндүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн башка бөлүктөрү менен мамилесин оңдоо үчүн Түндүк Кореяга жардам берүүгө Россиянын мүмкүнчүлүгү жетиштүү деп эсептейт кореялыктардын Кыргызстандагы Коомдук бирикмесинин вице-президенти Лариса Вон. КЭДРдин парламент башчысы Цой Тхе Боктун Москвага келиши, анын пикиринде, жышаналуу окуя.

БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Корея Элдик Демократиялык Республикасынын дүйнө коомчулугу менен мамилесин Россия гана жөнгө салышы керек деп билдирди кореялыктардын Кыргызстандагы Коомдук бирикмесинин вице-президенти Лариса Вон. 

23-июнда КЭДРдин парламент башчысы Цой Тхе Бок Москвага келген. Шейшембиде РФтин Мамлекеттик думасынын төрагасы Сергей Нарышкин КЭДРдин Жогорку элдик жыйынынын төрагасы менен Мамлекеттик думада жолукту.

Вондун айтымында, Советтер Союзу менен болгон тыгыз байланыштын аркасында Түндүк Корея азыр ядролук мүмкүнчүлүктөргө ээ.

"КЭДРди узак убакыт бою СССРдин канаты калкалап келген. Советтер Союз бул өлкөгө убагында жакшы колдоо көрсөткөнү менен, азыр көп жагынан байланыштар жоюлуп кеткен. Бирок Түндүк Кореянын ядролук куралы бар, аны ал сырттан болгон ар бир коркунуч сайын эске салып турат", — дейт Вон.

Анын пикиринде, РФтин Мамлекеттик думасынын төрагасы Нарышкиндин КЭДР парламент башчысы менен жолугушуусу эки өлкөнүн мамилелери оңоло турганы жөнүндө кабар берет. Түндүк Корея дүйнө менен карым-катнаш түзүшүнө жардам берүү Россиянын колунан келет деп белгиледи бирикменин вице-президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0