Төрөт үйүндө ымыркайдын өлүмүн териштирүүнү министр жеке көзөмөлүнө алды

© Sputnik / Табылды КадырбековСаламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев. Архив
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү шаардын №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин күнөөсү менен жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калганы тууралуу маалымат жарыяланган. Мындай пикирди баланын атасы билдирүүдө.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев №2 төрөт үйүндө доктурлардын кайдыгерлигинен ымыркайдын чарчап калышын териштирүүгө алган кызматтык комиссиянын ишин жеке көзөмөлүнө алганын мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Шаршемби күнү шаардын №2 төрөт үйүндө дарыгерлердин күнөөсү менен жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калганы тууралуу маалымат жарыяланган. Мындай пикирди баланын атасы билдирүүдө.

"Дарыгерлер оорулуунун, мейли ал ымыркай же пенсионер болсун, баарынын өмүрүн сактап калууга жан үрөшү керек", — деди министр.

Аталган окуя боюнча Бишкектин саламаттык сактоо департаменти тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлдү. Анын курамына кафедра кызматкерлери жана тажрыйбалуу акушер-гинекологдор кирди.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0