Бишкектеги жол белгилеринин сапаты жакшырат

© пресс-служба мэрии города БишкекЭн белги чийүү. Архив
Эн белги чийүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боёктун көпкө чейин сакталышы үчүн ага атайын зат кошулат. Мындан тышкары, борбордогу жол белгилери бир жылда эки жолу жаңыртып сырдалып турат.

БИШКЕК, 10-июль — Sputnik. Бишкек мэриясынын жетекчилиги Манас проспектине жол белгилерин чийүү боюнча көчмө жыйын өткөргөнүн муниципалитеттин маалымат кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө шаар жолдорунда белгилерди чийүү жумуштарын аткарып келген "Максат" ишканасынын башкы директору Максат Жоошбеков жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди.

"Биздин климаттык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен россиялык АК-511 маркасындагы боёкко атайын зат кошулат. Бул эн белгилеринин көпкө сакталышын камсыздайт. Боёк чыгарган завод күнүнө 20 миң унаа эсеби менен бир жылдык кепилдик берет. Бизде күн сайын көчөлөрдөн 80 миң унаа өтөт, демек, биз бул белгилерге жарым жылдык кепилдик бере алабыз", — дейт ал. 

Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Султанбек Үсөнов бул жылы борбор калаанын 17 магистралдык көчөсүнө эн белги чийилип, окуу жылынын башталышына карата бардык мектептердин алдындагы белгилер жаңыртыла турганын кошумчалады. 

Башкармалык бул жылы стандартка ылайык, эн белгилер ушу тапта жана күзүндө эки ирет жаңылана турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0