Кыргызга айланган америкалык Барби

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук кийимдерин кийген куурчактар. Архив
Улуттук кийимдерин кийген куурчактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лилия Авджи кесиби боюнча курулушчу. Кезинде ремонт, подъезддерди, эшиктерди жасалгалоо иштеринин баарын жасап келген. Кризис учурунда баарын жасадым, азыр ал мезгилден өттүк, дейт ал.

Чоң эле адамдын куурчак кармап, аны кийинтем деп отурушу өөн учураса да, колунан чыккан ишти көрүп өнөрүнө баа бербей кое албайсың. Көп убакыттан бери эки өлкөдө — Кыргызстан менен Түркияда жашап келген Лилия Авджини учурда куурчактар керек болуп атайы Түркиядан чакыртып алышкан. Учурдан пайдаланып биз да өнөрлүү узду кепке тарттык.

— Токуу да өзүнчө өнөр эмеспи. Буга башынан эле кызыкчу белеңиз?

— Кийим токуганды эч ким деле үйрөткөн жок. Болгону атам архитектор болчу, үйлөрдү, тапчандарды куруп, аларды кооздочу. Мен дагы жасалгалаганды, сүрөт тартканды жакшы көрөм. Өзүмө, жакындарыма кийим токуп берчүмүн, мен үчүн бул хобби эле. Кийинчерээк бир топ эстрада жылдыздарынын кийимдерин жасалгалап жүрдүм. Үлгүлөрдү алгач куурчактар үчүн жасап, ошолордун мисалында көрсөтчүмүн. Бара-бара бул негизги жумушума айланып кетти.

© Sputnik / Табылды КадырбековКолго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
1/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
© Sputnik / Табылды КадырбековКолго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
2/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
© Sputnik / Табылды КадырбековКолго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
3/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
© Sputnik / Табылды КадырбековКолго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактарынын ачык каттары.
4/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактарынын ачык каттары.
1/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
2/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
3/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактары.
4/4
Колго токулган улуттук кийимчен Барби куурчактарынын ачык каттары.

 Кайсы жылдыздар менен иштештиңиз?

— Динара Акулова жакын курбум. Айчүрөк Иманалиева, Урмат Усенов, Айжан Газиева, Бактыгүл Бадыевалардын сахна кийимдерин жасалгалап жүрдүм. Азыр Анжеликадан сунуш түшүп жатат. Анын үлпөт салону бар эмеспи, келин кийимдерин жасалгалоо боюнча сүйлөшүп жатабыз.

Барби куурчагын кыргызга айландырган уз
— Куурчактарыңыз негизинен улуттук кийимчен экен…

— Ооба, эмнегедир улуттук кийим кийгизгим келди. Кыргыздын баалуулуктарына башынан эле кызыкчумун. Биздин кийимдер кандай кооз! Башында кийимдерди тигип келсем, кийин токуганга өттүм.

— Кыргыз түспөлдүү куурчактарды кайдан аласыз?

— Куурчактардын көбү кадимки Барбилер. Аларды сатып алгандан кийин чачын алып, аларга кадимкидей кара жиптен чач токуйм, көздөрүн, каштарын боеп, кыргыз кылып алам. Улуттук оюу-чийимдер түшүрүлгөн кийим токуп берип кийгизип койсом, кадимки кыргыз куурчагына айланып калат. Сурагандар да көбүнчө колго токулган улуттук кийимчен куурчактарга басым жасашат.

— Сата баштаганыңызга канча болду?

— Келиним болбосо куурчактарды кийинтип коюп, ошондон ырахат алып жүрө бермек окшойм. Ушунча эмгек, көз майыңызды коротуп жасаганыңыз ушул жерде калабы деп жатып, сатыкка койдурду. Биринчи он куурчактан баштаганбыз. Кудай жалгап ишибиз жүрүп кетти.

— Интернеттен куурчак Хюрремди көрдүк эле…

— "Даңазалуу доор" сериалынын каарманы Хюрремди жасадым. Өзүмдүн каалоомдон тышкары кардарлардан кандай заказ түшсө, баарын жасаганга аракет кылам. Хюрремден тышкары, жомок каармандары болгон Шахерезада, Золушка, испан бийчилери, канзаадаларды жасадык. Ар бир куурчакты жасап жатып сөзсүз бир жаңы нерсени өздөштүрөсүң. Сапатын жакшыртайын деп атып тарыхты казууга, улуттук баалуулуктарды үйрөнүүгө туура келди.

— Сарамжалдуулукка да тарбияласа керек…

Государственный театр кукол имени Мусы Жангазиева - Sputnik Кыргызстан
Куурчактар… куурчактар… Куурчак театры
— Негизи эски буюмдарды көп ыргытпайм. Бардык нерсени кол менен эле жаңылап алса болот. Көп эски кийимдеримди жасалгалап, кошумча деталдарды кошуп тигип же токуп жаңыртып алам. Сынып, бузулуп же эскилиги жеткен буюмдарды да өзгөртүп, кайра колдоно берем. Кийим токугандан тышкары, сумка, капчык жасап, баш кийимдерди да жасалгалайм. Азыр келиним жардам берип, колум узарып калды. Асыл таштар менен Жылдыз иштейт. Кыбыр иш деп айтышат, бирок мен мындан аябай чоң ырахат алам.

Жылдыз, Лилиянын келини:

— Апамдын жасагандарын көргөндө эле таң калгам. Анан ушунча эмгек жөн эле жата бермек беле деп, сатыкка чыгаралы дедим. Биринчи интернет тармактарга жайгаштырып, суроо-талапка жараша жасай баштадык. Өзгөчө апамдын колунан чыккан сумкалар жакшы өтүп жатат.

— Кайненеңиздин биринчи жардамчысы экенсиз. Негизги жумушуңузга кедергисин тийгизбейби?

— Кесибим боюнча юристмин. Өз багытым менен бир аз иштегенден кийин аны таштап, апама жардам берүүнү чечтим. Реклама, сатуу, жеткирүү — менин мойнумда. Токуганга азыр мен да кызыгып жатам.

— Куурчактардын баасы тууралуу айта кетсеңиз?

— Бардык кийими, жасалгасы менен бийиктиги жарым метрге жеткен куурчактын баасы 100 доллар болот. Андан кичирээктери бар, Негизинен баштапкы баасы 600-700 сомдон башталат. Эми фарфордон жасалган куурчактарга басым жасай баштадык. Аларды атайы Кытайдан алдырабыз. Албетте, мындай куурчактардын баасы да жогору болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0