"Датка — Кемин" электр линиясы үчүн акыркы тирөөч орнотулуп бүттү

© пресс-служба НЭС Кыргызстана"Датка — Кемин" электр линиясы. Архив
Датка — Кемин электр линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш иштеринин алкагында кошумча 500 мегаватт кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жана "Ала-Арча" подстанциясындагы 200 мегаваттык эки автотрансформаторду 220 мегаваттык менен алмаштыруу каралган.

БИШКЕК, 23-июль — Sputnik. 500 киловольттуу "Датка – Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясынын акыркы тирөөчү орнотулганын "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы №317 тирөөч Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда орнотулду. 

Муну менен "Датка – Кемин" трассасы боюнча кирме жолдордун курулушу, котлован казуу иштери аягына чыгып, 929 тирөөчтүн фундаменти куюлуп бүттү. Эми электр зымдарын тартуу уланууда.

"Даткан – Кемин" жогорку чыңалуудагы электр линиясын жана "Кемин" подстанциясын "Кыргызстандын улуттук электр станциялары" ишканасы куруп жатат.

Курулуш иштеринин алкагында кошумча 500 мегаватт кубаттуулуктагы автотрансформатор орнотуу жана "Ала-Арча" подстанциясындагы 200 мегаваттык эки автотрансформаторду 220 мегаваттык менен алмаштыруу каралган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0