Кен казуучу компаниялардын ишин мамлекеттик органдар көзөмөлдөйт

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүКен иштетүү карьери. Архив
Кен иштетүү карьери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоо-кен компаниялардын укуктары менен милдеттери регламенттен өтөт, ага ылайык алардын иш-аракеттерин дыкат көзөмөлдөй турган мамлекеттик органдар иштеп жатат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Мамлекеттик органдар кен казуу менен алектенүүчү компаниялардын иш-аракеттери балдардын ден соолугуна таасир тийгизбөөсү үчүн кам көрүп жатканын Экономика министрлиги билдирди. 

Аталган министрлик Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттиги менен биргеликте өткөрүп жаткан маалымат өнөктүгүнүн алкагында республика боюнча сегиз көчмө семинар өткөргөн.

"Калк арасында тоо-кен компаниялары кен казууда экологиялык коопсуздук эрежелерин сактабай, айлана-чөйрөгө зыян келтирет деген кооптонуу бар. Биз инвесторлордун укук-милдеттери регламенттен өтөрүн, ага ылайык алардын иш-аракеттерин дыкат көзөмөлдөй турган мамлекеттик органдар иштеп жатканын түшүндүрүп келебиз", — дейт Геология агенттигинин өкүлү Азис Сапаралиев. 

Жыйын өткөрүү иш-чарасына жергиликтүү администрациялардын 300гө жакын өкүлү, журналисттер жана жарандык коом менен аймактык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0