Шайлоо тилкесин даярдоо. Архив

2 374 шайлоо участкасы добуш берүүчүлөрдү кабыл алууга даяр

23
(жаңыланган 09:55 28.09.2015)
Өкмөт республика боюнча 2 млн. 633 миң 834 жаран шайлоого катышууга даярдыгын айтты.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтымында, учурда республика боюнча 2374 шайлоо тилкеси добуш берүүчүлөрдү кабыл алууга даяр. Бул туурасында ал өкмөт өкүлдөрүнүн саясий партиялар менен жолугушуусунда билдирди.

"Биометрикалык маалыматтардын негизинде өздүгү такталбай жаткан жарандар үчүн кошумча Бишкек шаарында 39, ал эми Ош шаарында жети шайлоо тилкелери ачылды. Учурда 2 млн. 633 миң 834 жаран шайлоого катышууга толук даяр”, – деди.

Келе жаткан парламенттик шайлоодо добуш берүү укугуна ID-карт үлгүсүндөгү паспорту менен биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар гана катыша алары кабарланган. Сарпашевдин айтымында, Кыргызстан боюнча 1994-жылкы үлгүдөгү паспорт менен жүргөн 63 миң жаранга жаңы ID-карт үлгүсүндөгү паспорт берилген. Вице-премьердин маалыматында, 12 миң адамдын көк паспортуна жеке номуру жазылган социалдык фонддун баракчасы чапталып, алар да добуш берүү укугуна ээ болушту.

23
Белгилер:
Тайырбек Сарпашев, парламенттик шайлоо, шайлоочу, шайлоо тилкеси
Тема боюнча
Сариев саясий партиялардын лидерлери менен үгүт компаниясы боюнча пикир алышат
Чет жердеги кыргызстандык жарандар өздөрүн шайлоо тизмесинен таппай жатышат
Медицинские работники в палате реанимации и и пациент в палате интенсивной терапии во временном госпитале COVID-19 на ВДНХ в Москве.

Инфекционист: COVID-19дун жаңы штаммдары мурункудан жеңил болбойт

2
Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу жана оор формада өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигинин инфекционист Андрей Поздняков билдирди.

"Бул "дельта" штаммынын бир түрү болуп жаткандан кийин аны жеңил өтөт жана көп жукпайт деп ойлобошубуз керек. Байкоолорубузга караганда, бул вариантка кабылган бир киши 9 адамга вирус жугузушу мүмкүн. Ал эми "дельта" штаммы өзү бир оорулуудан сегиз адамга жугат. Эң алгачкы Ухань штаммы орто эсеп менен үч кишиге жукчу", — деди Поздняков.

Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

Эске салсак, Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.

Буга чейин Роспотребнадзор мекемесинин адистери изилдөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте экенин билдиришкен.

2
Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев

Министр Казакбаев Иранды өлкө экономикасына инвестиция жасоого чакырды

18
(жаңыланган 10:35 28.10.2021)
Министр Ирандын элчиси менен туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана кийинки жылы бир катар иш-чараларды өткөрүүнү сүйлөштү.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевге Ирандын элчиси Саид Харразини өлкөнүн ТИМинин атынан расмий чакыруу тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.

Жолугушууда тараптар кыргыз-иран мамилелерин жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын кеп кылышкан. Анда Бишкекте Ирандын соода үйүн жана Бандар-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан жаңы темир жол коридорун ачууну талкуулашканы айтылды.

Туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана иран тараптын Кыргызстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууга катышуусун да сүйлөшүшкөн.

"Мындан сырткары, министр эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алдында, тагыраагы, 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар биргелешкен юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Эки тарап расмий сапарларга чыгып, Бишкекте кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясын 13-жыйынын өткөрүшөт", — деп жазылган маалыматта.

Министр Казакбаев Ирандын компанияларын Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына, анын ичинде Ысык-Көлдүн туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө инвестиция салууга чакырган.

Жолугушуунун соңунда тараптар Афганистандагы кырдаал боюнча пикир алмашып, өлкөдө туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого багытталган аракеттерди улантууга даяр экенин билдиришкен.

18
Белгилер:
Кыргызстан, Иран, Руслан Казакбаев, министр, элчи, жолугушуу, экономика, инвестициялар
Тема боюнча
Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын биринчи окууда жактырды
Кыргызстанга россиялык компаниялардын бизнес-миссиясы келет