БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы ак илбирстин саны аныктала турганын Жаныбарды сактоо боюнча глобалдуу программанын секретариаты билдирди.
Учурда ак илбирс жоголуп кетүү коркунучунда тургандыктан, Кызыл китепке киргизилип, 12 мамлекетте сейрек кездешүүчү жаныбар болуп саналат.Маалыматка ылайык, жырткычтын эсебин алуу боюнча изилдөө иштери боюнча алгачкы жыйын өтүп, "Ак илбирсти сактоо боюнча улуттук стратегиянын" ишке ашуусуна жана сүрөткө тартуу ыкмасын пайдалануу боюнча макулдашууга карай биринчи кадам болду.
Бирдиктүү иш-аракеттин натыйжасында Кыргызстанда ак илбирсти сактоого арналган иш-чараларды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү маалымат базасы түзүлөт.
Ак илбирстин көбөйүшүнө мыйзамсыз аң уулоо, соода, азыктануучу базанын жана жаныбардын жүрүүсүнө ыңгайлуу жерлердин кыскарышы тоскоолдук жаратып келет.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймагында күн ачык болору айтылды. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -1…+4, Талас жергесинде 0…+5, Ош, Жалал-Абад аймактарында +6…+11, Баткенде +5…+10, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын 5-октябрында нааразычылык акцияда жапа чеккендер экс-президент Сооронбай Жээнбековду жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын адвокаттар ассоциациясынан айтышты.
Ассоциациянын сайтында "Кыргыз үмүтү" Октябрь элдик революциясынын баатырларынын коомдук бирикмесин" түзгөн жапа чеккендердин арызы жарыяланган.
Арыздын үстүңкү жагында аны кабыл алган Башкы прокуратуранын кызматкеринин кол тамгасы, ал эми астында кайрылган тараптардын кол тамгалары бар. Документ башкы прокурор Курманкул Зулушевдин ысмына жазылган. Адвокаттар ассоциациясы жапа чеккендерге юридикалык колдоо көрсөтөт.
Арыз ээлери 5-октябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы митинг тынчтык иш-чарасы болгонун, күч органдары берилген буйруктан кийин карапайым элге карата катуу чараларды көрө баштаганын белгилешет. Көп адамдын жапа чеккени, анын катарында 19 жаштагы Үмүт Алтынбек уулу каза болгону айтылат.Жабырлануучулар курал колдонуу боюнча буйрукту Жээнбеков жеке өзү берген деп эсептешет. Алар мурдагы президентти жоопкерчиликке тартууну белгилешип, аны "экс" макамынан ажыратууну талап кылышууда.
Башкы прокуратуранын маалымат кызматы арыз келгенин тастыктады.
Эске салсак, Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрда өткөн митинг Ак үйдү басып алуу жана бийликти алмаштыруу менен аяктаган. Сооронбай Жээнбеков октябрь айынын ортосунда кызматын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган. Шайлоодо 5-октябрдагы окуяда абактан бошотулган Садыр Жапаров жеңип чыккан.
Башкы прокуратурага буга чейин Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Абдилат Капаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганы депутат Асылбек Жээнбековго каршы арыз менен кайрылган. Ал Жээнбековдорду 2010-жылы бир нече кылмыштарды жасаган деп айыптап, алардын аракетине юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Анын катарында митингге чыккан элди кубалап таратуу буйругунан кийин октябрь окуясына жол бергендиги үчүн экс-президенттин жоопкерчилиги жөнүндө маселени кароо өтүнүчү да болгон.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.