Алайда кылмышкерлердин документтерин өрттөп жиберишкен

Жазылуу
Редакция аркылуу Жаза аткаруу инспекциясынын бөлмөсүнө кирген кылмышкерлер соттолгон жарандардын, каттогу адамдардын жана издөөгө алынгандардын документтерин алып чыгып, коңшу бөлмөдөн өрттөп жебирешкен.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Оштун Алай районундагы Жаза аткаруу инспекциясынан документтер уурдалып өрттөлгөнүн ИИМ билдирди.

Кыргыз-казак чек арасында документи жок адам кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында өрт өчүрүү кызматына алгач редакция күйүп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Эртеси текшерүү маалында кылмышкерлердин "Алай-таңы" гезитинин терезесинен кирип, эшигин талкалап, бир кабат төмөн жайгашкан инспекцияга киргени аныкталган. Ал жерден соттолгон жарандардын, каттогу адамдардын жана издөөгө алынгандардын документтерин алып чыгып, коңшу бөлмөдөн өрттөп жебирешкен.

Аталган факт боюнча Алай РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Шектүү адамдардын дайын-дарегин тактоо үчүн тийиштүү экспертиза дайындалды.

Ал эми өрттөн "Алай таңы" гезитинин эмереги жана полду жабыркаган. Учурда келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0