Жашы жете электердин никесин кыюуга тыюу салган муфтийдин буйругу чыкты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүТрадиционная чеченская свадьба в Грозном
Традиционная чеченская свадьба в Грозном - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай буйрук Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдын негизинде чыкты.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин өспүрүмдөрдүн никесин кыюуга тыюу салган буйругу чыкты. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, мындай буйрук Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жашы 18ге жете электердин никесин кыюуга тыюу салган мыйзамдын негизинде чыкты. 

"Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин №410 буйругу чыкты. Ага ылайык расмий дин кызматкерлери тарабынан жашы 18ге жете электердин никеси кыйылбашы керек", — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле Дин башкармалыгы өз каттоосунда турбаган дин кызматкерлери (молдо) жашы 18ге жете электерге нике кыйса, ага муфтият жооп бербей турганын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0