"Азия MIX" командасынын жеңиши — КВН финалынын толук версиясы

© Sputnik / Жоомарт УраимовСнимок с официального сайта Первого канала. Видео финальной игры Высшей лиги Клуба веселых и находчивых
Снимок с официального сайта Первого канала. Видео финальной игры Высшей лиги Клуба веселых и находчивых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш байге үчүн "Азия MIX", Спарта" (Астана), "Радио Свобода" (Ярославль), Мурманск шаары жана Москва циркинин курама командалары ат салышкан.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Россиянын Биринчи каналынын сайтында КВНдин Жогорку лигасынын финалдык оюнунун видеосу жайгаштырылды.

Сезондун акыркы оюну жума күнү өттү. Баш байге үчүн "Азия MIX", Спарта" (Астана), "Радио Свобода" (Ярославль), Мурманск шаары жана Москва циркинин курама командалары ат салышкан. Үч сынактын жыйынтыгы менен кыргызстандык команда — 10,9, "Спарта" — 10,6, Мурманск курамасы — 10,4, Москва циркинин курамасы — 10,2, "Радио Свобода" — 9,5 упай топтогон.

Натыйжада "Азия MIX" Борбордук Азиядан чыккан жападан жалгыз жеңүүчү команда болуп калды.

"Азия MIX" командасынын капитаны Элдияр Кененсаров менен болгон маекти Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0