ЖМК: жаңы жыл алдында Стамбулда теракт жасаган Машарипов кармалды

© REUTERS / OSMAN ORSALЖМК: жаңы жыл алдында Стамбулда теракт жасаган Машарипов кармалды
ЖМК: жаңы жыл алдында Стамбулда теракт жасаган Машарипов кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машарипов кыргызстандык таанышынын үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 17-янв. —Sputnik. Түркиянын коопсуздук кызматы жаңы жыл алдында өлкөдөгү түнкү клубдардын биринде теракт жасоого шектелген Өзбекстанда туулган Абдулгадир Машариповду кармап, камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости NTV түрк телеканалына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Вооруженное нападение на российского посла в Анкаре - Sputnik Кыргызстан
Анкарада Россиянын элчисин өлтүргөн кишинин сөөгүн туугандары албай койду
Телеканалдын укук коргоо органдарындагы жеке булактарынын берген маалыматы боюнча, террористти кармоо боюнча атайын операция дүйшөмбү күнү кечинде Эсенъюрт районунда жүргүзүлгөн.

Маалыматка караганда, Машарипов кыргызстандык таанышынын үйүндө бекинип жаткан жеринен кармалган. Операция учурунда Машарипов курал колдонууга жетишпей калган. Телеканал кармалган жарандын сүрөтүн чыгарды.

Эске салсак, жаңы жыл түнү белгисиз бирөө Стамбулдагы Reina клубуна кирип келип, ок чыгарган. Анын кесепетинен 39 киши каза болуп, 69 киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул каргашалуу окуянын жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0