Президент Атамбаев эмгек өргүүсүнө чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрь күнү аягына чыгат

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 30-октябрдан тарта кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

"Өргүү маалында президент Кыргызстандын 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү долбоорунун акыркы вариантынын үстүндө иштейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү 1-декабрь күнү аягына чыгат.

Өлкө башчысы кайсы убакта эмгек өргүүгө чыгып, кайда эс алганына Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0